Иран менен Кыргызстанды контейнердик поезд байланыштырышы мүмкүн

“Иран – Түркмөнстан – Өзбекстан – Кыргызстан” пилоттук контейнердик поездин ишке киргизүү маселеси каралууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда, өлкөнүн экинчи Элдик Курултайында жасаган кайрылуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы, жаңы соода жолдоруна токтолуп, Кыргызстан уникалдуу соода магистралынын – Улуу Жибек жолунун каттамында жана Европа менен Азиянын ортосунда жайгашканын белгиледи.

“Соода жолдорунда ыңгайлуу, географиялык жерди ээлөө менен биздин өлкө Чыгыш менен Батыштын ортосуна көпүрө боло алат”, – деди ал.

Анын айтымында, бул максатта кургактагы жана деңиздеги эл аралык каттамдын жаңы мультимодалдык багыты – Түштүк транспорттук коридору иштелип чыгууда. Мындан тышкары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарын чыңдай турган, Ош жана Кашкар аэропортторун байланыштыра турган Түштүк аба коридорун ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ал кошумчалагандай, жакында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталат. Темир жолдор аркылуу Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Афганстанга транзит менен жүк ташыган контейнерлерди ташуунун пилоттук долбоору улантылат.

“Жогоруда белгиленген демилгелер жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор Кыргызстандын тышкы дүйнө менен транспорттук-логистикалык коммуникациянын жаңы деңгээлине чыгышына мүмкүндүк берет деп ишенем”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700дөй делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда. Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Комментарий жиберүү