Араб жана мусулман өлкөлөрүнүн Газа боюнча кезексиз саммити: эң маанилүү билдирүүлөр

11-ноябрда Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) жана Араб Мамлекеттер Лигасына мүчө араб жана мусулман өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотуу боюнча жалпы позицияны иштеп чыгуу максатында эки кезексиз саммит болуп өттү.

Жалпы жыйынга Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Түркиянын президенти Режеп Тейип Эрдоган жана Сириянын президенти Башар Асад, Палестинанын лидери Махмуд Аббас келишти.

Саммиттер Газа тилкесиндеги курч кырдаалдын фонунда өткөрүлдү. Бир айдан ашык убакыттан бери Израилдин күн сайын бомбалоосунан блокадада калган Газада 11 миңден ашуун адам курман болуп, саламаттыкты сактоо системасы кыйроо алдында турат, согуштук аракеттерден улам жүз миңдеген адамдар үйлөрүн таштап, анклавдын түндүгүнөн түштүгүнө көчүп кетүүгө аргасыз болушту.

Биргелешкен кезексиз жыйындын максаты — Газа тилкесинде Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы согушту тез арада токтотуу зарылдыгын белгилөө болду. Саммиттин бардык катышуучулары жаңжал бүтүндөй аймакты каптап кетиши мүмкүн деп кооптонушууда.

Саммиттердин алкагында араб жана мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий операциясын кескин айыптап, аны тез арада токтотууну талап кылышты.

«Биз Израилдин Газа тилкесине каршы агрессиясын жана согуш кылмыштарын, ошондой эле колониялык оккупациялык өкмөттүн Газага жана басып алынган Батыш жээкте, анын ичинде Чыгыш Иерусалимде Палестина элине каршы жасаган варвардык, адамкерчиликсиз жана ырайымсыз кыргындарын айыптайбыз», — деп жыйынтыктоочу резолюцияда айтылганын «Ведомости» сайты жазды.

Тараптар дагы бир жолу 1967-жылдын 4-июнундагы чек аралардын негизинде, баш калаа Ирусалим болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү зарылдыгына көңүл бурушту.

Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман саммитти ачып жатып, Сауд Аравия Израилдин оккупациялык бийлигин Палестина элине каршы жасалган кылмыштар үчүн жооптуу деп эсептейт деди.

“Биз аймактагы коопсуздукту, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү кепилдөөнүн бирден бир жолу оккупацияны, курчоону жана колонизацияны токтотуу экенине ишенебиз”, — деп билдирди бин Салман.

Ал ошондой эле БУУну Израилге Газа тилкесиндеги согушту токтотууга таасир эте албаганы үчүн айыптады.
«Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана эл аралык коомчулуктун Израилдин кылмыштарын токтотууга жөндөмсүздүгүн көрсөтүп турган гуманитардык катастрофага туш болдук, бул кош стандарттуу саясаттын көрүнүшү болуп саналат», — деп баса белгиледи мураскер ханзаада.

Палестиналыктарды куралдандыруу чакырыгы

Саммитте сөз сүйлөгөн Ирандын президенти мусулман өлкөлөрүн Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги куралдуу операциясына байланыштуу «террордук уюм» деп атоого, ошондой эле Газадагы чабуулдар улана турган болсо палестиналыктарды куралдандырууга чакырды.

«Мусулман өлкөлөрү Палестина элин куралдандырышы керек. Каршылык көрсөтүү — Израилдин зордук-зомбулуктарына каршы туруунун жалгыз жолу. Дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде мусулман өлкөлөрү, оккупацияланган аймактарда Палестина элинин корголушун камсыз кылышы керек», — деди Раиси.
Белгилей кетсек, Ирандын президенти Сауд Аравияга ушул жылдын март айында Тегеран менен Эр-Рияддын мамилелери калыбына келтирилгенден берки биринчи сапары болуп саналат.

Мындан тышкары, Раиси палестиналыктардын жана ХАМАСтын Израилге каршылыгын “боштондук” кыймылы деп атап, Палестинадагы бардык мусулмандардын ыйык жерлерин сактап калуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.

«Иран Палестинанын каршылык көрсөтүүсүн «боштондук кыймылы» деп эсептейт жана газалыктардын жер которуусун жана мажбурлап миграциясын Израилдин улантып жаткан агрессиясы жана согуштук кылмышы деп эсептей турганын ачык жана так баса белгилегим келет. Иран тарап Иерусалимдеги Аль-Акса мечитин жана башка бардык мусулмандардын ыйык жерлерин коргоого чакырат жана муну негизги милдет деп эсептейт», — деди Иран президенти.

Раиси Израилден Газа тилкесинен аскерлерин токтоосуз чыгарып кетүүнү талап кылды.

«Израиль Газа тилкесиндеги аскердик операцияларын токтоосуз токтотуп, ал жерден аскерлерин чыгарып кетүүсү керек», — деп Иран президенти.

Палестинанын президенти АКШны айыптады 

Палестинанын лидери Махмуд Аббас Палестина маселесин саясий жактан чечүүгө мүмкүн болбой жаткандыгына АКШнын саясаты алып келди деди.

«Палестинадагы кризисти саясий жол менен чечүүгө мүмкүн болбой жаткандыгына оккупациялоочу күчтөрдү толук колдогон АКШ жооптуу”, деди Аббас саммитинин ачылышында сүйлөп жатып.

Мындан тышкары, Аббас Палестинанын бардык аймактарында, анын ичинде Иерусалимде президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

«Биз Палестинанын бардык аймактарында, анын ичинде Иерусалимде жалпы президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө даярбыз», — деген анын сөзүн РИА Новости келтирди.

Ал дүйнө коомчулугун Палестина бийликтерин “бардык аймактарда, анын ичинде Газа тилкесин калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү” үчүн колдоого чакырды. Ал ошондой эле Израиль армиясы тарабынан чыгарылган палестиналык качкындардын маселесин чечүү үчүн кепилдиктерди жана графикти талап кылды. Палестинанын президенти андан сырткары, БУУнун Коопсуздук Кеңешин эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүгө жана Палестина элине эл аралык коргоону камсыздоого чакырды.

«Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешин эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүгө жана Палестина элин эл аралык коргоону камсыз кылууга чакырабыз», — деди ал.

Анын айтымында, БУУнун Коопсуздук Кеңеши «Палестиналыктардын Газа тилкесиндеги мажбурлап көчүрүлүшүнө» да жол бербеши керек.

Израиль менен мамилени токтотуу чакырыгы 

Сириянын президенти Башар Асад араб жана ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрүн Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотуу үчүн Израиль менен мамилени токтотууга чакырды.

«Эгерде бизде кысым көрсөтүү үчүн реалдуу куралдар жок болсо, анда мындан аркы кадамдарды жасоонун эч кандай пайдасы жок. Бизде жок дегенде саясий куралдар бар. Биринчиден, биз сионисттик түзүм менен экономикадан баштап ар кандай саясий байланыштарды токтотушубуз керек», — деди Сириянын президенти.

Анын айтымында, Израиль менен мамилени кайтаруунун шарты Газа тилкесиндеги «агрессияны токтотуу» болушу керек.

Эрдоган БУУ менен Эл аралык кылмыштар сотун Израилдин Газадагы кылмыштарын иликтөөгө чакырды 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган БУУ менен Эл аралык кылмыш сотун Израилдин Газадагы кылмыштарын иликтөөгө жана тиешелүү иштерди баштоого чакырды.

«Израиль жасаган адамдык жана согуштук кылмыштарга жооп бериши үчүн биз күчтөрдү бириктиришибиз керек. БУУ менен Эл аралык кылмыш соту тиешелүү иликтөөлөрдү жүргүзүп, керектүү иштерди баштоосу керек», — деди түрк лидери.

Ал ошондой эле Газаны калыбына келтирүү үчүн фонд түзүү зарылдыгын билдирип, Анкара колдоо көрсөтүүгө даяр деди.

«Газаны калыбына келтирүү үчүн ИКУнун алкагында фонд түзүлүшү керек деп эсептейбиз. Түркия ар кандай колдоого даяр», — деди Эрдоган.

Мындан тышкары, ал Газа тилкесиндеги кырдаал боюнча Батыштын позициясын сынга алып, алардын позициясы коркоктуктун жана абийирсиздиктин көрүнүшү, деп билдирди.

Кыргызстан Палестина элинин суверендүү мамлекет түзүү укуктарын тааныйт

Саммитте сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Кыргызстан Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

“Биз палестиналык боордошторубузга тышкы агрессияны жана бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле гуманитардык жардам берүү биздин жалпы милдетибиз деп эсептейбиз.
Газа тилкесиндеги уруш аракеттери Палестина элинин көп сандаган курмандыктарына жана азап-кайгысына алып келди, бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофа. Бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе балдар менен аялдардын өмүрлөрү кыйылышы кабыл алынгыс жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш. Жарандык инфраструктурага, мектептерге, ооруканаларга жана турак жайларга тандоосуз кол салуу эл аралык гуманитардык укукту бузуу гана эмес, адам укуктарын да олуттуу бузуу болуп саналат”, — деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт.

Мамлекет башчысы, Ислам Үммөтүнүн эл аралык коомчулукту бул баскынчылыкка каршы бирдиктүү жана консолидацияланган позицияны карманууга ынандыруусу жана кагылышуучу тараптарды сүйлөшүүгө отургузуу үчүн эл аралык аракеттерди активдештирүү зарыл экенин белгиледи.

“Кыргызстан бүткүл Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтулат”, — деп Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Тажикстан миңдеген жай тургундардын өлүмүнө алып келген жарандык объектилерге кол салууну айыптады 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Тажикстан 1967-жылы аныкталган чек аралары менен, баш калаасы Чыгыш Иерусалимде жайгашкан Палестина мамлекетин түзүүнү колдой турганын билдирди.

Анын айтымында, Палестин мамлекетин түзүү – палестин эли эл аралык мамилелердин принциптеринин негизинде жана дүйнөлүк коомчулуктун өз алдынча субъектиси катары өзүнүн улуттук укуктарын ишке ашыра ала турган жалгыз жол болуп эсептелет.

«Биздин өлкө жана дүйнө коомчулугу Палестинанын бул бөлүгүндөгү кризистик кырдаалга катуу тынчсызданууда. Тажикстан миңдеген жай тургундун, анын ичинде аялдар менен балдардын өлүмүнө алып келген жарандык объектилерге кол салууну чечкиндүү түрдө айыптайт. Бүгүнкү кырдаал Палестина маселеси аскердик жол менен чечилбей турганын дагы бир жолу көрсөтүүдө. Душанбе жаңжалдын алгачкы күнүнөн баштап эле тараптарды зомбулукту токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып келет. Аймакта адилеттүү, бекем жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуу — БУУнун көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүү тууралуу резолюциясын ишке ашыруу жолу менен гана мүмкүн деп эсептейбиз», – деди Рахмон.

Комментарий жиберүү