Рахмон Эр-Риядда Газа тилкеси боюнча билдирүү жасады

Тажикстан 1967-жылы аныкталган чек аралары менен, баш калаасы Чыгыш Иерусалимде жайгашкан Палестина мамлекетин түзүүнү колдойт. Бул тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон 11-ноябрда Эр-Риядда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде билдирди.

Анын айтымында, Палестин мамлекетин түзүү – палестин эли эл аралык мамилелердин принциптеринин негизинде жана дүйнөлүк коомчулуктун өз алдынча субъектиси катары өзүнүн улуттук укуктарын ишке ашыра ала турган жалгыз жол болуп эсептелет.

«Биздин өлкө жана дүйнө коомчулугу Палестинанын бул бөлүгүндөгү кризистик кырдаалга катуу тынчсызданууда. Тажикстан миңдеген жай тургундун, анын ичинде аялдар менен балдардын өлүмүнө алып келген жарандык объектилерге кол салууну чечкиндүү түрдө айыптайт. Бүгүнкү кырдаал Палестина маселеси аскердик жол менен чечилбей турганын дагы бир жолу көрсөтүүдө. Душанбе жаңжалдын алгачкы күнүнөн баштап эле тараптарды зомбулукту токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып келет. Аймакта адилеттүү, бекем жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуу — БУУнун көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүү тууралуу резолюциясын ишке ашыруу жолу менен гана мүмкүн деп эсептейбиз», – деди Рахмон.

8-октябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) белгилүү бир өлкөлөрдүн же топтордун аталышын атабастан, тараптарды тез арада зомбулукту токтотууга жана абалды турукташтыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1 200дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин жөөт армиясы согуш жарыялаган.

ХАМАС радикалдык тобу көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо мекемеси жума күнү бир айдан ашуун согушта 11 миңден ашуун кишинин каны төгүлгөнүн, алардын 4,5 миңи балдар экенин кабарлады.

Израил армиясынын өкүлү жума күнү Газанын түндүгүнөн 100 миңден ашуун палестин анклавдын түштүк тарабына чыгып кеткенин билдирди. Тель-Авив элге коопсуз жерлерге кетүүгө коридор ачуу үчүн 10-ноябрдан тарта алты сааттык тыныгуу болорун жарыялады.

БУУнун маалыматына караганда, учурда жүз миңдеген киши Израил армиясы сокку уруп жаткан түндүк райондордо калууда.

Комментарий жиберүү