Кыргызстандык Мухаммадали Умаров ааламдагы эң мыкты 10 карынын катарына кирди

Кыргызстандык белгилүү хафиз Мухаммадали Умаров ушул жылдын 4-12 ноябры Катардын Доха шаарында өткөн “Ауаль Аль-Ауаиль” (Биринчилердин биринчиси) аталышындагы дүйнөлүк Куран жарышта мыкты 10 карынын катарын толуктады.

Бул тууралуу “Умма” ислам журналы жазды.

Куран жарышка дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн мыкты карылар чакырылган.

Конкурстун шарттарына ылайык, катышуучулар Курандын сүрөөлөрүн жатка окуп берүү менен бирге Куран аяттарынын маанилерин (тафсирин) чечмелеп берүү боюнча ат салышкан.

Мухаммадали калыстар тобунун бардык суроолоруна мыкты деңгээлде жооп берип, эң жакшы көрсөткүчтү багындыра алган. Аталган жарыштын өзгөчөлүгү мелдешке буга чейин эл аралык жана дүйнөлүк Куран жарыштарда биринчи орунду багындыргандар гана катыша алышкан. Ушул себептен конкурстун суроолору да алда канча татаал жана ар тараптуу болуп, катышуучулардын мыкты даярдыгын талап кылган.

Белгилей кетсек, жеңишти багындыргандардын бардыгы араб тилдүү өлкөлөрдөн болду. Эки гана конкурсант араб тилдүү эмес өлкөдөн болгон, алардын бири — Мухаммадали Умаров.

Эске салсак, Мухаммадали Умаров 2022-жылдын 22-сентябрында Сауд Аравиянын Мекке шаарында Бүткүл дүйнөлүк Куран окуу жана Куран тафсири боюнча мелдештин жеңүүчүсү болуп, баш байгеге коюлган 250 миң риалды (5.4 миллион сом) утуп алган.

Комментарий жиберүү