“Баасы жогору” болот. Хуситтер АКШ менен Британиянын чабуулуна жооп кайтарарын убада кылды

11-январдан 12-январга караган түнү АКШ Улуу Британия менен бирге Австралиянын, Бахрейндин, Канаданын жана Нидерландиянын колдоосу менен Кызыл деңизде коммерциялык кемелерди аткылап жаткан Йемендеги «Ансар Аллах» (хуситтер) кыймылынын бир катар объекттерине сокку урду. Чабуулга өлкөнүн борбору Сана жана порт шаарлары дуушар болду. Соккулар үчүн согуштук учактар колдонулуп, деңизден эсминецтерге орнотулган Tomahawk канаттуу ракеталары учурулган. Йемендин түндүгүндө жана борбордук бөлүгүндө өкүмдарлык кылган хуситтер АКШ менен Улуу Британия үчүн массалык бомбалоонун “баасы жогору” болорун айтып коркутту.

Окуя эмнеден башталды?

  • ТАСС агенттиги маалымдагандай, Палестина-Израиль чатагы курчугандан кийин хуситтер Израилдин аймагына сокку ураарын жана аны менен байланышы бар кемелердин Кызыл деңиз жана Баб аль-Мандеб кысыгынын суулары аркылуу өтүшүнө жол бербей турганын билдиришкен. Йемендик хуситтердин коммерциялык кемелерди аткылоосунан улам кээ бир эл аралык жүк ташуу компаниялар Кызыл деңиз, Суэц каналы жана Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу товарларды ташууну токтотушту же жүк ташуу маршруттарын өзгөртүшүүдө. Буга байланыштуу АКШ Кызыл деңиздин түштүгүндө коопсуздукту камсыздоого багытталган деңиз коалициясын түзүп, операция жүргүзө баштаган.
  • 11-январь кечинде The Times гезитинин журналисти Стивен Суинфорд өзүнүн X (мурдагы Twitter) баракчасында Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак министрлер кабинети менен батыш коалициясынын “Ансар Аллах” кыймылынын Кызыл деңиздеги аракеттерине мүмкүн болуучу жообун талкуулай турганын билдирди. Түнгө жакын ал журналист Британия менен Кошмо Штаттары Йеменге “жакынкы убакта” сокку урарын билдирди.
  • Хуситтер эгер АКШ менен Улуу Британия Йеменге абадан сокку ура турган болсо, алар жооп чара көрүшөрүн билдирди.

Хуситтердин позицияларына сокку уруу

  • Al Hadath телеканалы АКШ менен Британиянын куралдуу күчтөрү өлкөнүн батышында жайгашкан Ходейда порт шаарына жакын жердеги хуситтердин позициясына Кызыл деңизден чабуул жасаганын билдирди. Канал жардыруулар Сана, Саада, Ходейда, Таиз жана Дамар шаарларында болгонун билдирди.
  • Sky News Arabia телеканалы Сана эл аралык аэропорту катуу бомбаланганын билдирди.
  • Америкалык NBC News телеканалынын маалыматына караганда, америкалык жана британиялык күчтөр кемелерден Tomahawk канаттуу ракеталары менен чабуул жасашкан.
  • Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, хуситтердин позицияларына чабуулдар учактардан, кемелерден жана суу астындагы кемелерден жасалган.
  • Америкалык аткаминер Al Jazeera телеканалына “АКШ менен Британиянын Йемендеги хуситтердин позицияларына жасаган соккулары өз максаттарына жеткенин” билдирди. Соккулардын бутасы “радиолокациялык объекттер, ракеталык платформалар, ошондой эле байкоо пункттары” болгон.
  • CNN телеканалы өз булактарына таянып, АКШ менен Британиянын аскерлери хуситтердин 10дон ашык буталарына сокку урганын кабарлады.

Байден менен Сунак эмне деди?

  • АКШнын президенти Жо Байден Йеменге сокку хуситтердин Кызыл деңиздеги чабуулдарына жооп болгонун айтты.
  • Америка лидери соккулар Австралия, Бахрейн, Канада жана Нидерланддын колдоосу менен жасалганын айтты.
  • АКШ жана Улуу Британиянын лидерлери соккулар “коргонуу мүнөзүндө” болгонун белгилешти.
  • Британиянын премьер-министри хуситтерди жарандык кемелерди аткылоону токтотууга жана чыңалууну азайтуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.
  • Вашингтон өзүнүн куралдуу күчтөрүн жана эл аралык соода эркиндигин коргоо үчүн хуситтердин аракеттерине жооп катары кошумча чараларды жокко чыгарбайт.

Реакциялар

  • Хуситтердин жетекчилигинин өкүлү Абдулла бен Амер эгер эки өлкө аскердик аракеттердин масштабын күчөтө турган болсо, кыймыл АКШ менен Британиянын аймактагы базаларына чабуул жасайтурганын Al Jazeera телеканалына билдирди.
  • «Ансар Аллах» кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Али аль-Кахум АКШ менен Улуу Британия Йемендин аймагына жасаган соккулары үчүн өкүнөрүн убада кылды. Анын айтымында, америкалыктар менен британиялыктар чабуул үчүн чоң бааны төлөшөт. Ошол эле учурда ал Кызыл деңизде аскердик операциялар улана турганын баса белгиледи.
  • Өз кезегинде кыймылдын Саясий бюросунун дагы бир мүчөсү Хузам ал-Асад өзүнүн X социалдык тармагындагы (мурдагы Twitter) баракчасында Вашингтон менен Лондондун Йемендеги операциясына жооп кайтарууну убада кылды. Ал келечекте аскердик аракеттердин багытын жана согуш эрежелерин хуситтер аныктай турганын айтты.
  • Йемендин Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Хусейн ал-Ази Лондон менен Вашингтон Йеменге жасаган массалык бомбалоосунун “баасы жогору” болорун айтты.
  • Кыймылдын басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Насреддин Амер өлкөнүн куралдуу күчтөрү жооп берерин белгиледи.
  • АКШ администрациясынын басма сөз катчысы брифингде хуситтер азырынча түздөн-түз жооп берүү кадамдарын жасай электигин айтты.
  • Россия АКШ менен Британиянын Йеменге жасаган соккусуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешин 12-январда чукул жыйынга чакырды.
  • Сауд Аравия сабырдуулукка жана аймактагы кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө чакырды.
  • Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канаани жума күнү кечинде АКШ менен Британиянын Йемендин бир катар шаарларына жасаган чабуулун айыптап, бул аракеттерди өлкөнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн жана эл аралык мыйзамдарды ачык бузуу деп атады.

Комментарий жиберүү