Эквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды

Эквадор бийлиги “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери катуу режимдеги абактан качкандан кийин коопсуздук тармагындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкөдө «ички куралдуу кагылышуу» режимин киргизди. Өлкөнүн абактарында тополоң чыгып, бүтүндөй өлкөдө баш аламандыктар башталды. Соңку маалыматтарга караганда, тополоңдо кеминде 13 адам  каза болду.

Окуянын чоо-жайы

  • 7-январда өлкөнүн Башкы прокуратурасы Эквадордогу пенитенциардык мекемелерде башаламандыктар орун алганын билдирген. Башаламандык “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери Фито лакап аты бар Адольфо Масиас Гуаякиль шаарынын түрмөсүнөн качып кеткенден кийин башталган. Анын кайда экени белгисиз бойдон калууда.
Фито лакап аты бар Адольфо Макиас Вильямар кылмыштуу "Лос Чонерос" тобунун лидери
Фито лакап аты бар Адольфо Макиас Вильямар кылмыштуу “Лос Чонерос” тобунун лидери

2023-жылдын августунда Эквадор президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсио Фито тарабынан коркунуч бар экенин билдирген.

  • 10-январда кылмыштуу топтун дагы бир лидери, «Лос-Лобостун» башчысы Фабрисио Колон Пико да качып кете алганы белгилүү болгон. Ал Риобамба түрмөсүндөгү камактан качкан 39 туткундун бири болгон. «Лос-Лобос» президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсионун өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
  • 9-январда Гуаякиле шаарындагы TC Televisión телеканалынын студиясына куралчан адамдар кирип, алып баруучуларды түз эфирде барымтага алышкан. Кол салуучулар кармалып, барымтадагылар бошотулган. Окуядан кийин Ecuavisa телеканалы жана Vistazo журналы кызматкерлерин эвакуациялады.
  • Такталган маалыматка ылайык, учурда кылмыштуу топтор “Асуай №1”, “Каньяр №2”, “Напо №1”, “Тунгурауа №1” жана “Котопахи №1” абактарында кеминде 139 адамды кармап турушат. 1”. Алгач бандиттер абактарда 10 күзөтчүнү гана кармап турушканы кабарланган.

Беткапчан куралчан адамдардын түз эфир учурунда телестудияга бастырып кирип, каналдын кызматкерлерин барымтаган алган учур. Көп өтпөй эфир үзгүлтүккө учураган.https://www.youtube.com/embed/yKnhg6BejWA?start=2&feature=oembed

Бийликтин аракеттери

  • Эквадордун президенти Даниэль Нобоа абактарда тартип орнотуу үчүн өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. Анын айтымында, өкмөт “террорчулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт” жана “эквадорлуктарга тынчтыкты кайтармайынча тынчыбайт”. Кийинчирээк Нобоа «ички куралдуу кагылышуу» режимин жарыялады.
© AFP 2024 / RODRIGO BUENDIA
  • Нобоа эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү “уюшкан трансулуттук кылмыштуулуктан, террордук уюмдардан жана согушуп жаткан мамлекеттик эмес субъекттерден коргоону камсыз кылуу үчүн куралдуу күчтөрдү жана улуттук полицияны мобилизациялоого буйрук берди.
© AP Photo / Dolores Ochoa
  • Мамлекет башчы 22 кылмыштуу топту зыянсыздандырууну тапшырды. Эквадордун Куралдуу күчтөрү кылмыштуу топторду мыйзамдуу аскердик бута деп атады.
  • Гуаякилде жолдор жабылып, вокзалдын иши токтотулган. Шаар тургундарын үйлөрүнөн чыкпоого чакырышты.
© AP Photo / Cesar Munoz
  • Китонун борбордук райондорунда талап-тоноочулук фактылары катталгандан кийин республиканын башкалаасынын борборуна аскердик техника жайгаштырылды. Шаардын аэропортунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
  • Өлкөнүн бардык окуу жайлары аралыктан окутууга өттү.
  • Гуаякилдеги телестудияга кол салгандар терроризмге айыпталат.
  • Мамлекеттик мунай жана газ компаниясы Petroecuador өзүнүн объектилеринде коопсуздукту күчөткөнүн жарыялады.

Дүйнөлүк реакция

  • Континенттеги мамлекеттердин, анын ичинде Аргентина, Перу, Бразилия, Боливия, Колумбия жана Венесуэланын лидерлери республиканын бийлигине колдоолорун билдиришти. Ошону менен бирге баңги кылмыштуулукка каршы күрөштү бириктирүү чакырыктары да айтылды. Испания бандиттердин зомбулук аракеттерин айыптады. Перу чек ара коопсуздугун күчөтүп, өлкөнүн түндүк аймактарында өзгөчө кырдаал жарыялады.
  • Россиянын Тышкы иштер министрлиги кылмышкерлердин террордук ыкмаларын, анын ичинде барымтага алууну айыптады. Москва Эквадор бийлиги кырдаалды өз алдынча калыбына келтире алат деген ишеним билдирди.
  • Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тартипти калыбына келтирүү боюнча жергиликтүү бийликтин аракеттерин колдоорун билдирди. Кытайдын дипломатиялык өкүлчүлүгү өлкөдөгү ишин токтотту.
  • Америка мамлекеттеринин уюмунун баш катчысы да Эквадорго бандаларга каршы күрөштө колдоо көрсөтөрүн билдирди.
  • АКШ элчилиги консулдук кызматтарды көрсөтүүнү токтотту.

Акыркы жылдары Эквадор кылмыштуулуктун кескин өсүшүн баштан өткөрүүдө. 2023-жылдын июль айында бийликтер өлкөдөгү бардык абактарда бир убакта болгон тополоңдордон улам 60 күнгө чукул кырдаал жарыялаган. 10-августта президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсио өлтүрүлгөнүнө байланыштуу республикада жалпы өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Комментарий жиберүү