100гө жакын адамдын өмүрүн алган теракт: Бишкектеги Иран элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинде Ирандын Керман шаарындагы терактка байланыштуу көңүл айтуу китеби ачылганын дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 3-январында Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө ирандык генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда көрүстөнгө жакын жерде кош жарылуу болгон. Расмий маалымат боюнча, кол салуудан 95 адам каза таап, жалпысынан 284 адам жаракат алган. Терактка жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Иран өкмөтү 4-январды улуттук аза күнү деп белгилеген.

Көңүл айтуу китеби Иран Ислам Республикасынын элчилигинде 10-январь күнү саат 09.00дөн 12.00гө чейин жана 15.00дөн 18.00гө чейин, 11-январда саат 09.00дөн 12.00гө чейин ачык болот. Дареги: Раззаков көчөсү, 36.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” бөлүгүнүн кол башчысы Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан, сөөгү өзү туулуп-өскөн Керман шаарына коюлган.

Комментарий жиберүү