Кыргызстан Түркия менен соода-сатыктын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Кыргызстан келечекте Түркия менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүп, анын көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирмекчи. Бул тууралуу 9-январда  Жогорку Кеңетин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушуу учурунда айтылгандыгын кыргыз парламентинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Түркия мамлекетинин башкы дипломатынын Кыргызстандагы иш сапары байланыштарды мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, кызматташтыктын учурдагы абалына токтолду.

Анын ичинен парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайлангандан кийин алгачкы расмий иш сапарын Түркия Республикасына жасаганын эске салды.

“Боордоштукка жана өз ара ишенимге негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттик диалогдун мааниси өтө чоң. Андыктан, эки тараптуу жана эл аралык алкактагы парламенттер аралык мамилелерди кеңейтүү башкы максатыбыз. Айрыкча депутаттык достук топторунун ортосундагы байланышты чыңдоо учур талабы”, – деди Төрага.

Муну менен катар экономикалык байланыштар тууралуу пикирин айткан Нурланбек Шакиев: “Түркия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Андыктан эки тараптуу соода жүгүртүүбүз жыл сайын өсүүдө. Бул темпти мындан ары да жогорулатып, соода көлөмүн 2 млрд АКШ долларына чейин жеткирүүбүз кажет”, – деди.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан да эки өлкө ортосундагы алакаларды арттырууда парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, бул жааттагы колдоосу үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирди.

“Эки боордош элдин бир туугандык жана достук мамилесин чыңдоо башкы максатыбыз”,-деген Хакан Фидан Нурланбек Шакиевге Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуштун жолдогон саламын жеткирди.

Ошондой эле жолугушууда маданият, туризм, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы алакаларга тиешелүү маселелер көтөрүлдү.

Белгилей кетүүчү жагдай, Түркиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Метин Кылыч жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде эки өлкөнүн соода-сатыгы расмий эсепте 500 млн доллар экендигин, ал эми “челнокторду” кошкондо 1 млрд доллардан ашып кетерин белгилеген.

Кыргызстан Түркиядан негизинен текстиль товарларын, курулушка керектүү жабдыктарды импорттойт. Түркия Кыргызстандан төөбурчак сатып алат.

Ал эми Кыргызстандын статистика комитетинин өткөн жылдагы  маалыматы боюнча, тогуз айда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 464 миллион долларга жетип, былтыркыга салыштырмалуу 3,6 пайызга өскөн.

Экономика министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бир катар кыргызстандык компаниялардын продукциясын Түркияга жеткирүү сүйлөшүлгөн .

Маалыматта Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлчүлүгүнүн аянтчасында министр Данияр Амангелдиевдин катышуусунда Түркиянын Happy Center ири соода түйүнүнүн ээси Явуз Алтун менен КР эскпортерлорунун жолугушуусу болуп өткөнү айтылат.

Сүйлөшүүнүн соңунда аталган соода түйүнү Кыргызстандын “Алайку Органикс”, “Экопродукт Азия”, “Салих ЛТД”, “Риха”, “Аброй групп”, “Белая река”, “Продимпекс”, “Адал азык”, Кооператив “Агромаркетинг” ЖЧКлары, “Кыргызцентрпродукт”, “Атилла органик фудс”, “Биоквас”, “Рейнбоу траут”, “ДилНурКейДжи” жана “Аталык групп” компаниялары менен бир катар меморандумга кол койгон.

Министр Амангелдиевдин айтымында, Түркия — Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү. Статкомдун тогуз айдын жыйынтыгы менен чыккан маалыматы боюнча, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 464 миллион долларга жетип, былтыркыга салыштырмалуу 3,6 пайызга өскөн. Анын ичинде экспорт 117,7 миллион долларды түзсө, 346 миллиону импорт болуп саналат.

Комментарий жиберүү