Белгилүү америкалык дипломат Киссинжер 100 жашында дүйнө салды

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер 100 жашында дүйнө салганын Reuters агенттиги кабарлады.

«Генри Киссинджер бүгүн (29-ноябрда — ред.) Коннектикуттагы үйүндө 100 жаш курагында дүйнө салды», — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Саясатчынын жардамчысы Джеймс Бейкер, Америка Кошмо Штаттары көрүнүктүү дипломатынан айрылганын РИА Новостиге билдирди.

Анын айтымында, Киссинджер 1969-жылдан 1977-жылга чейин америкалык тышкы саясаттын дээрлик бардык маанилүү маселелеринде негизги ролду ойногон.

«Америка Генри Киссинджердин өлүмү менен атактуу дипломатынан айрылды», — деди Бейкер.

Киссинджер 1973-жылдан 1977-жылга чейин Мамлекеттик департаменттин башчысы болуп иштеген. Бул мезгилде СССР жана Кытай менен АКШнын мамилелерин жакшыртууга, ошондой эле Вьетнамдагы согушту токтотууга чоң салым кошкон. Акыркы маселе боюнча жасаган аракеттери үчүн ага Нобель Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Мындан тышкары, ал Кытай менен алаканын жакшырышында да негизги ролду ойногон.

Комментарий жиберүү