Бишкекте Кыргызстан менен Ирандагы аялдардын орду жана ролу талкууланды

Кыргызстан менен Ирандын маданияты жана салттары абдан окшош. Бул өлкөлөрдүн элдеринин арасында аялдар жана аларга болгон мамилеси чоң мааниге ээ. Мунун баары алардын адабиятында, кинематографиясында, искусствосунда жана башкаларда да чагылдырылган.

8-март – Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоонун алдында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Эки өлкөнүн коомдорундагы аялдардын орду жана ролу” аттуу эл аралык конференция болуп өттү.

Уюштуруучулар Ирандын Кыргызстандагы элчилиги, КУУнун ректораты, Ирандын Маданий өкүлчүлүгү, ошондой эле КР Аялдар Конгресси болду.

Ирандын Кыргызстандагы Элчиси Голам Хоссейн Ядегари конференцияны ачып жатып: «Мен аялдардын эл аралык майрамынын алдында сиздердин араңарда бул маанилүү иш-чарага катышып жатканыма кубанычтамын», – деди.

«Коомдун актуалдуу маселелерин көтөрүүгө, талкуулоого жана чечүү жолдорун издөөгө мүмкүн жана зарыл болгон конференция университеттин дубалында өтүп жатканы өзгөчө кубандырат. Бүгүнкү жыйындын жыйынтыгы эки элдин жакындашуусуна салым кошот деп ишенем», – деди элчи.

Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева өз кезегинде кыргыз элинин маданиятында жана тарыхында аялдар ар дайым маанилүү орунду ээлеп, чоң роль ойноп келгенин айтты.

«Бул кыргыз элинин негизги маданий мурастарынын бири болгон «Манас» эпосунда да тастыкталган.
Биздин аялдардын акылмандыгы, кээде кайраттуулугу да бир эмес, бир нече жолу мамлекетти, ошондой эле адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берген», – деп белгиледи Акбагышева.

Ирандын Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Абузар Тоганинин айтымында, Иранда аял балдарды тарбиялоодо эненин табигый миссиясын аткаруудан жана үй-бүлөлүк коломтонун сактоочусунан тышкары, коомдо маанилүү ролду ойнойт жана эркектер менен теңме-тең кызматтарда иштеп, ал тургай алда канча алдыга озуп кетти.

«Бүгүнкү иш-чара биздин өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар менен аялдар коомчулугунун кызматташуусуна карай алгачкы кадамдардын бири болот деп ишенем. Учурдан пайдаланып Кыргызстандын бардык аялдарын келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм», – деди Ирандын Кыргызстандагы маданий атташеси.

КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти Бегайым Жалиева Кыргызстан менен Ирандын ортосунда достук жана жылуу мамиле түзүлүп, бүгүнкү күндө алар жаңы динамикага ээ болуп жатканын белгиледи.

«Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Иран аны биринчилерден болуп тааныган жана андан кийин мамлекеттерибиздин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жаңы доору башталды. Эки өлкөнүн президенттери Аскар Акаев менен Али Акбар Хашеми Рафсанжани бир катар мамлекеттик келишимдерге жана түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюшуп, кызматташтыктын жаңы доорунун пайдубалын түптөштү. Эки тараптуу мамилелер андан кийинки президенттердин, ошондой эле эки мамлекеттин министрлери менен депутаттарынын жогорку даражалуу аткаминерлердин бири-бирине болгон иш сапарлары менен да бекемделди», – деп белгиледи тарыхчы.

Иранда аялдардын укуктары жана аларды коргоо өлкөнүн Конституциясында бекитилген. Иран аялдары бүгүнкү күндө коомдо жана мамлекетте маанилүү орунду ээлейт. Аялдар үчүн мындай мүмкүнчүлүктөр Иранда Ислам революциясынан кийин ачылган, дейт Ирандагы Алламех Табатабайи университетинин доктору, коомдук илимдер факультетинин аялдарды изилдөө бөлүмүнүн башчысы Мехдийе Мохаммадтаги Заде.

Анын айтымында, Иранда аялдар эненин жана аялдын ролун аткаруудан тышкары, коомдук, маданий, саясий, илимий-билим берүү тармактарына да активдүү катышышат.

«Ирандагы илимий жана билим берүү чөйрөсүнүн 50%дан ашыгын аялдар ээлейт. Акыркы он жылдыкта аялдардын академиялык чөйрөдөгү катыштыгы 10%га өстү, бул эркектерге салыштырмалуу кеминде үч эсеге көп. Мугалимдердин 60%дан ашыгы аялдар, дээрлик 10 миңдей жазуучу аялдар бар. Мамлекеттик кызматкерлердин 60%га жакынын аялдар да түзөт”, – дейт ирандык окумуштуу.

Мохаммадтаги Заде Билим берүү жана илим министрлиги аял лидерлердин тармагын түзүп жатканын белгиледи.

«Иранда ар бир университетте ректорлукта аялдар маселеси боюнча кеңешчи болушу керек. Мындан тышкары, өлкөдө Аялдар кеңеши – деген атайын орган бар. Өлкөдө ишкердик ишмердүүлүккө активдүү катышуу үчүн чоң аракеттер көрүлүүдө. Акыркы 5 жылда ишмер аялдардын саны 5%га өстү. Учурда ишкер аялдардын саны 4 миңге жакынды түзөт. Ирандагы билимди көп талап кылган компаниялардын жетекчилеринин 20%га жакыны да аялдар», – деп жыйынтыктады Мохаммадтаги Заде.

 

1 of 16

-+

Комментарий жиберүү