Зеленский Түркияга келди

Зеленскийдин Түркияга сапарынын алкагында Украина-Орусия согушу, Дан коридору келишими жана аймакта туруктуу тынчтыкты издөө темаларынын кеңири талкууланышы күтүлүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бүгүн расмий сапар менен Түркияга келди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы, Зеленскийдин Түркияга расмий сапар менен келе турганын билдирген.

Зеленскийдин Түркияга иш сапарынын алкагында 2-жылы аяктаган Украина-Орусия согушу, Дан коридору келишими (Украина портторунан дан жана азык-түлүктөрдү коопсуз ташуу демилгеси) жана аймакта туруктуу тынчтыкты издөө темаларынын кеңири талкууланышы күтүлүүдө.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен коногу Зеленскийдин Түркия-Украина карым-катнаштарын да сүйлөшө тургандары кабарланды.

Комментарий жиберүү