Гаитиде 4000дей киши түрмөдөн качып кетти. Видео

Гаитинин борбору Порт-о-Пренс шаарында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн куралдуу кол салуусунун натыйжасында түрмөдөн 4000дей адам качып кетти.

Кеминде 10 адам каза болгону кабарланууда.

Кырдаалга байланыштуу Гаитинин бийлиги тартип орнотуу үчүн өлкө аймагында шаршемби күнгө чейин өзгөчө абал режимин, түнкүсүн коменданттык саат жарыялады. Өкмөттөн белгилешкендей, өзгөчө абал режиминин мөөнөтү жагдайга жараша узартылышы мүмкүн.

Бийликтин билдирүүсү боюнча түрмөгө кол салуу киши өлтүрүү, адам уурдоо жана башка оор кылмыштар үчүн абакта отургандарды бошотуу максатында пландалган.

https://youtube.com/watch?v=ja9Ri7o9BcY%3Ffeature%3Doembed

Укук коргоочулар 700 туткунга ылайыкталган абакта 3700дөй адам отурганын айтышууда.

Түрмөгө кол салуу – баш калаадагы катаал зомбулук актылары менен бир маалда болду. AFP агенттиги кабарлагандай, Порт-о-Пренстин көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп турган куралдуу топ бейшембиден бери шаарда вандализм жана башаламандыктар менен алектенген.

Расмий булактардын маалыматына караганда, кол салуудан кийин түрмөдө кармалып турган 3 800дөй кишинин 100гө жакыны, негизинен барар жери жок чет элдиктер гана калган. Эркиндикке чыккандардын арасында таасирдүү бандалардын лидерлери бар.

Гаитиде коопсуздук жана гуманитардык кырдаал 2021-жылдын июлунда өлкөнүн президенти Жовенел Моиза өлтүрүлгөндөн кийин начарлап кеткен. Ошондон бери бийликтин аракетсиздиги опузалап акча талап кылуу, адам уурдоо менен алектенген жана өлкөнүн бүт аймактарын, анын ичинде күйүүчү май терминалдарын көзөмөлдөгөн бандиттик топтордун таасиринин болуп көрбөгөндөй өсүшүнө алып келди. 2023-жылдын февраль айында гаитиликтердин 70% бандиттик топтор менен күрөшүү үчүн чет элдик аскерлердин жайгаштырылышын колдошкон. Ошол эле жылдын октябрында БУУнун Коопсуздук Кеңеши Гаитиде иштеп жаткан кылмыштуу топторго каршы куралдуу миссия түзүүнү жактырган.

Комментарий жиберүү