Борбор Азия президенттери Душанбеге чогулду. Сүрөт

  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов иш сапарлары менен Душанбеге келишти.Мамлекет башчыларын  аэропорттон Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода өзүнчө тосуп алды.

Президенттер Душанбеге Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барышты.Саммиттин тарыхында биринчи жолу ардактуу конок катары Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышат. Душанбеге келген жогорку даражалуу конокту Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Мындан тышкары, ардактуу конок катары катышууга Түркмөнстандын Элдик кеңешинин төрагасы, экс-президент Гурбангулы Бердымухамедов да чакырылган.

Иш-чаранын программасына ылайык, Рахмон Душанбеге келген мамлекет башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, андан соң өлкө лидерлери жалпы жыйын өткөрөт.

Жыйынтыгында бир нече документтерди, анын ичинде өлкө башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн, Борбордук Азиядагы кургактагы транспорттун өз ара байланышы жана жаштар саясатынын жалпы багыттары боюнча макулдашууларды кабыл алуу пландалууда.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин президенттер коопсуздук, экономикалык кызматташуу жана зарыл деп эсептелген башка темаларды да талкуулашарын белгилеген.

15-сентябрга Аралды сактоо Эл аралык Фондунун жыйыны өтөрү пландалган.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан 2017-жылы Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясында демилгеленген. Мындай биринчи жолугушуу 2018-жылдын март айында Казакстандын борборунда өткөн.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусу былтыр 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн.

Саммитке президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышкан.

Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылары бир катар документтерге, атап айтканда, 21-кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү үчүн достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге жана Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан.

Ошондой эле мамлекет башчылары көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясын, Борбордук Азия үчүн “Жашыл күн тартиби” регионалдык программасын жана 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышкан.

Комментарий жиберүү