Ким Чен Ын Россияга брондолгон поезд менен келди. Сүрөт

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын түшкөн брондолгон поезд Приморье крайына келгенин РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.15те (Москва убактысы боюнча 5.15) жашыл вагондору жана сары тилкелери бар брондолгон поезд Раздольная дарыясындагы көпүрөнү кесип өтүп, түндүктү көздөй багыт алдган.

Буга чейин Кремлдин маалымат кызматы им Чен Ын Россия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен жакынкы күндөрү РФке расмий сапары менен келерин билдирген. Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги агенттиги шейшемби күнү эртең менен Ким Чен Ындын Россияга жөнөп кеткен иш-чарасындагы сүрөттөрүн жарыялаган.

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөр Ыраакы Чыгышта болорун журналисттерге билдирип, бирок кайсы жерде өтөрүн так айткан эмес.

Белгилей кетсек, Ким Чен Ын сапарларда учактарды колдонбойт жана узак сапарларга да поездди тандайт. Бул салт мурдатан калыптанган. Түндүк Кореянын лидери 2019-жылы Владивостокко президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн поезд менен келген. Бул Ким Чен Ындын Россияга биринчи сапары болгон.

АКШ тыкыр байкоо салат

Америка Кошмо Штаттары Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Россияга сапарына кылдат байкоо жүргүзүү ниетинде, анын жыйынтыгына жараша жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматынын башчысы Мэтью Миллер брифингде билдирди.

«Биз бул жолугушуунун жыйынтыгына абдан кылдаттык менен көз салып турабыз. Түндүк Кореянын Россияга кандайдыр бир курал-жарак берүүсү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бир нече резолюциясын түздөн-түз бузуу болуп саналарын эки өлкөгө тең эскертип кетким келет», — деди ал.

Комментарий жиберүү