Батыш өлкөлөрү адамдарды капаска салып ташыганын Африкада эч ким унутпайт.
Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда билдирди.
«Мурунку колонизаторлор эмне кылышчу эле? Мага жакында эле сүрөттөрдү көрсөтүштү — 1957-жылы эле Африкадан Европа өлкөлөрүнө, ошол эле Бельгияга адамдарды капаска салып ташышкан экен. Көз жашсыз көрүү мүмкүн эмес. Ушундай кантип болсун. Муну Африкада эч ким унутпайт», — деди ал.
Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү эми дагы Африкада неоколониалдык саясатын жүргүзүүгө аракет кылышууда.
«Африканын бардык өлкөлөрүн түйшүккө салышты – алар доллар менен эсептегенде триллиондогон карызы бар. Башкача айтканда, алар (Батыш — ред.) африкалык өлкөлөрү таптакыр кутула албай тургудай кредиттик-финансылык система түзүп коюшкан. Бул кредиттик мамиле дагы эмес — кандайдыр бир контрибуция», — деп кошумчалады Путин.
VIII Чыгыш экономикалык форуму 10-13-сентябрь аралыгында Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтүп жатат.