Бразилиядагы баш аламандык: Экс-президенттин тарапкерлери президенттик сарайга кирип барышты. Видео

 Бразилиянын баш калаасында мурдагы президент Жаир Болсонарунун тарапкерлери президенттик сарайга, Конгресстин жана Жогорку Соттун имаратына кирип барышты.

Укук коргоо кызматкерлери демонстранттарды тонолгон имараттардан сүрүп чыгарып, башаламандыкка катышкан 40дөн ашуун адамды кармаганын федералдык округдун губернатору Ибанес Роша билдирди. 

“Башаламанлдыкка катышкан 400дөн ашык адам кармалды. Алар жасаган кылмыштары үчүн жооп беришет. Биз федералдык округда түштөн кийин жасалган террордук акттын калган катышуучуларын аныктоо боюнча иштерди улантып жатабыз. Тартипти калыбына келтирүүнү улантып жатабыз”, – деп жазды губернатор Twitter баракчасына. 

Өткөн жылдын соңунан бери президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип келген Бразилиянын мурдагы президенти Жаир Болсонаронун тарапкерлери 8-январда Бразилиянын борборундагы Конгресс имаратын басып алышып, президенттик резиденция болгон Планалто сарайынын аймагына ошондой эле Жогорку Соттун имаратына кирип барышканыг жергиликтүү ЖМКлар маалымдашкан. 

Болсонарунун тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып жатышат.

Сан-Паулуда иш сапары менен жүргөн Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва маалымат жыйыны учурунда өкмөттүк имараттарды басып алууну жапайычылык деп атап, борбордо тартипти орнотуу үчүн федералдык күчтөрдү тартууну тапшырып, жергиликтүү коомдук коопсуздуктун башчысын юстиция министринин орун басары менен алмаштырды.

Америка чөлкөмүндөгү өлкөлөр жана эл аралык уюмдар президент Лула да Силваны колдоорун билдиришип, демонстранттардын аракеттерин демократияга каршы төңкөрүш аракети деп баалашты.

Лула да Силва өлкөнүн борбору Бразилиа шаарында өзгөчө кырдаал жарыялаганын CNN телеканалы билдирди. Ал тополоңдун бардык катышуучуларын жана уюштуруучуларын жазалоону убада кылды. 

Комментарий жиберүү