Gezici борбору жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, сурамжылоого катышкан Түркиянын жашоочуларынын 62%дан ашыгы Россияны дос өлкө деп эсептесе, 90%ы АКШны душман катары көрүшөт.
Бул тууралуу Ulusal TV билдирди.
2022-жылы өткөрүлгөн сурамжылоого Түркиянын 24 провинциясынан 2464 адам катышкан.
Сурамжылоого катышкандардын 62,6%ы Россияны дос деп эсептесе, 72,8%ы “Россия менен жакшы мамиле түзүү керек” дешкен.
Ошол эле учурда изилдөөгө катышкандардын 90%га жакыны АКШны Түркиянын душманы деп аташкан.
Изилдөө борборунун корутундусунда Түркиянын жарандары “Батыштан барган сайын алыстап, Россияга көбүрөөк ишенип баратканы” белгиленген.
Сурамжылоонун уюштуруучулары 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин Американын каршылаштарынын саны көбөйгөнүн байкашкан. Ошондон бери Түркия жүзүн Азияга бурган.