Россияда экинчи толкун менен мобилизация жарыяланабы?

 Telegram-каналдарда Россия жаңы жылдан кийин мобилизациянын экинчи толкунун баштаары тууралуу маалыматтар чыгып жатат.

Бирок Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков, өлкөнүн аскер жетекчилиги мындай чечим чыгарбаганын билдирди.

28-октябрда коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге 21-сентябрда жарыяланган жарым-жартылай мобилизациянын алкагында аскерге чакыруу аяктаганы тууралуу маалымат берген.

Андагы маалыматта айтылгандай, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарына пландалган 300 миң адам чакырылган. Аскерге чакырылгандар белгиленген өлчөмдөгү жөлөк пулдар, кийим-кече, жабдуулар, контракттык аскер кызматчыларынын нормаларына ылайык камсыз болушкан.

Ал эми Россияда күзгү чакыруу аяктаган. Жакында аскер комиссариаттары Куралдуу күчтөрдүн катарына ыктыярчыларды кабыл алууну улантат.

Россиялык аскердик эксперттер жарым-жартылай мобилизацияны кайра улантуу ашыкча чара болот деп эсептешет.

Мисалы аскердик серепчи, отставкадагы полковник Виктор Литовкин, жалпы мобилизация азырынча техникалык жактан мүмкүн эмес деген пикирин v1.ru басылмасы билдирди.

“1-январдан баштап, өздүк курамга кабыл алуунун жаңы ыкмалары ишке кирди. Мисалы, армия 1,5 миллионго чейин көбөйө турган болууда. Демек, кошумча мобилизация талап кылынбайт. Келишим менен аскер кызматын өтөгөндөрдүн саны жетиштүү болсо керек”, – деп эсептейт Литовкин.

Өткөн жылы Россияда жарым-жартылай мобилизация башталгандан кийин миңдеген адамдар аскерге чакыруу алышкан. Согушка барууну каалабагандар чет өлкөгө чыгып кетүү үчүн чек араларга агылып, Россиянын чек араларында автоунаалардын узун кезеги пайда болгон. Авиабилеттердин баасы эселеп кымбаттап, кеминде алдыңкы бир айдын билеттери сатылып кеткен.

Комментарий жиберүү