БРИКС өлкөлөрүнүн символикалык купюрасы басылып чыгарылды

БРИКСтин келечектеги бирдиктүү валютасы боло турган 100 брикс номиналындагы банкнотту Россиянын Түштүк Африкадагы элчиси Илья Рогачев БАЭнин элчиси Махш Саид Аль-Хамелиге тапшырды.

Бул тууралуу Ирандын «IRNA» маалымат агенттиги жазды.

Бул символикалуу иш-чара Жакынкы Чыгыш мамлекетинин БРИКСке киришине байланыштуу Преторияда (Түштүк Африка) болгон жолугушууда болду.

Жаңы банкноттун бир тарабында БРИКСти негиздеген өлкөлөрдүн – Бразилиянын, Россиянын, Индиянын, Кытайдын жана Түштүк Африканын желектери, символдору жана аттары жазылган. Экинчи тарабында бул биримдикке кирүүгө ниеттенип жаткан мамлекеттердин символдору, анын ичинде Казакстандын да желеги бар. Ошондой эле «Нью-Брикс өнүктүрүү банкы» деген жазуу бар.

Белгилей кетчү нерсе, банкнотта Россия Федерациясында жасалган.

Бул банкноттун номиналы символикалык гана мааниге ээ болгону менен, ал БРИКС өлкөлөрүнүн экономикалык байланыштарды чыңдоо жана бирдиктүү валюта мейкиндигин өнүктүрүү каалоосун баса белгилейт.

Бул валюта БРИКСтин катышуучуларынын ортосундагы эл аралык соода жүгүртүүдө улуттук валюталарын конвертациялоону талап кылбастан колдонулат деп күтүлүүдө.

2023-жылдын август айынын аягында БРИКСтин 15-саммити Түштүк Африкада өткөн. Жыйынтыгында БРИКСке Иран, Аргентина, Эфиопия, Египет, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары чакырылган. Алар 2024-жылдын 1-январында мүчө болоору күтүлүүдө.

БРИКС саммитинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Россия БРИКСтин кийинки кеңейүүсүн талкуулоодо Казакстан менен Беларустун талапкерлигине артыкчылык берерин белгилеген.

Белгилей кетсек, БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери бирдиктүү валютаны киргизүү мүмкүнчүлүгүн көптөн бери талкуулап келишет. Алар бул маселени август айында Түштүк Африкада өткөн саммитте көтөрүшкөн.  Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва БРИКС бирдиктүү эсептешүү валютасын түзүүнү колдогон.

Саммитке чейин Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар өлкөсү блоктун өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүүдө БРИКСтин бирдиктүү валютасын түзүүнү колдобой турганын Ruposters агенттиги жазган.

Белгилей кетсек, БРИКСтин беш өлкөсүнүн калкы дүйнө калкынын 40% ашат. БРИКС өлкөлөрүнүн үлүшүнө дүйнөлүк ИДПнын дээрлик төрттөн бири жана дүйнөлүк сооданын 18% туура келет. БРИКС дүйнө калкынын үчтөн биринен көбүн камтыганына карабастан, батыштык жана россиялык эксперттер бирдиктүү валюта идеясынын ишке ашуусунан күмөн санашат. Анткени учурда АКШ доллары дүйнөлүк валюта резервинин 58%ын түзөт, ал эми эл аралык операциялардын 88%ы АКШ валютасында жүргүзүлөт.

Комментарий жиберүү