Зеленский АКШнын мамкатчысы Блинкен менен жолугушту

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевге сапары менен келген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолукканын айтты.

«Мамлекеттик катчы Блинкен менен сүйлөшүү… Биз америкалык өнөктөштөрүбүздүн сапарларын ар дайым жогору баалайбыз», — деп жазды Зеленский Telegram-каналында.

Зеленский ошондой эле жолугушуусунун видеосунун фрагментин да жарыялады. Ал Блинкенге сапары жана колдоосу, бюджеттик тармакка көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле Украина башынан өткөрө турган кыш мезгилин белгиледи. Блинкен өз кезегинде Киевге АКШ президенти Жо Байдендин өтүнүчү менен келгенин айтып, Штаттар Украинага анын келечегине көз салуу менен жардам берип жатканын белгиледи.

Буга чейин «Страна.ua» басылмасы булактарга таянып, Блинкен менен Зеленскийдин Киевдеги жолугушуусу шаршемби күнү кечинде болорун кабарлаган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен күн мурун Киевдеги сапары учурунда АКШ Украинага кошумча 1 миллиард доллар жардам берерин, анын ичинде 665 миллион доллары аскерий муктаждыктар үчүн болорун билдирген.

Күн мурун Блинкен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушуп, аскердик жардам, коргонуу өнөр жайындагы кызматташуу жана дан экспортун кеңейтүү маселелерин талкуулашканын Украинанын тышкы иштер министри билдирген.

«Бүгүн Киевдеги сүйлөшүүлөрүбүздө Блинкен менен мындан аркы аскерий жардам, коргонуу өнөр жайындагы кызматташуу, (Владимир Зеленскийдин — ред.) тынчтык формуласын алдыга жылдыруу, дан экспортун кеңейтүү жана башка маселелерди талкууладык», — деп жазган Кулеба X социалдык тармагындагы баракчасына.

Комментарий жиберүү