Россияда токойду өрттөгөн өзбек мигранттары $61 миң төлөйт

Россиянын Магадан шаарындагы сот өзбекстандык эки мигрантты «этиятсыздыктан токойго өрт коюуга» күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу жергиликтүү прокуратурадан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл июнь айында эки өзбек мигранты «Старая Веселая» айылындагы короодо от жагып, шамалдан улам ал жакын жердеги токойго өткөн. Өз кезегинде бул Магадан шаарында өзгөчө абал режимин жарыялоого себеп болгон. Өрттөн улам 60 гектар аянт токой өрттөнүп, 1,8 миллион рубль (18 миң доллар) өлчөмүндө зыян келтирилген.

Сотто Өзбекстандын эки жараны тең күнөөлөрүн мойундарына ала турганын билдиришти. Алардын ар бири бир жыл коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилип, айлыктарынын 15% мамлекеттин пайдасына төлөп берип турмай болушту. Мындан тышкары мигранттар келтирилген зыяндын жана өрттү өчүрүүгө кеткен чыгымдын ордун толтуруу үчүн 6 миллион рубль (61 миң доллар) төлөөгө милдеттендирилди.

Комментарий жиберүү