Путин менен Эрдоган жолугушту. Видео

Россия жана Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын Сочидеги кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү аяктады.

Сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулуп, анда эң күтүлгөн темаларынын бири дан келишиминин келечеги болду.
https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=514&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2FEurasiabugun%2Fvideos%2F630972408863292%2F&show_text=false&width=560&t=0
Жолугушууну ачкан Путин, лидерлер Украина кризисине байланыштуу маселелер да карала турганын айтып, Россия дан келишими боюнча сүйлөшүүлөргө ачык экенин белгиледи.

Ал ошондой эле жакынкы аралыкта өлкөлөр энергетикалык кырдаалды туруктуу кылуу үчүн Түркияда газ хабын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталат деген ишенимин билдирди.Өз кезегинде Эрдоган Путин менен «дан келишими» боюнча сүйлөшүүлөр дүйнө жана Африка өлкөлөрү үчүн маанилүү болоорун айтты.Ал ошондой эле Россия менен газ боюнча «жогорку кызматташтык» тууралуу айтып, Түркияда газ хабын түзүү өлкө үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Комментарий жиберүү