БУУда Нооруз майрамы кандай белгиленди? Сүрөт

20-март күнү Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун залында Нооруз салтанаты өттү.

Иш чара Ирандын демилгеси жана салттуу түрдө бул майрамды белгилеген өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Ага Нооруз майрамын белгилеген 12 өлкөнүн элчилери жана дипломаттары, башка өлкөлөрдүн дипломаттары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын төрагасы катышты.


Ноорузду салттуу түрдө Кыргызстан, Иран, Азербайжан, Афганистан, Индия, Ирак, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан белгилейт.

Эл аралык Нооруз күнүн майрамдоо быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Камкордук боюнча кеңешинин залында өткөрүлүп, анда дасторконго Ирандын маданиятын чагылдырган “Хафт Син” дасторкону жана ар бир өлкө өз маданиятынын символун коюшту.

Быйылкы иш-чарада элчилер жана дипломаттар мурдагы жылдардан айырмаланып, иш-чаранын башында жанында аягында эстелик сүрөткө чогуу түшүштү.

Ошондой эле бул жылы Ноорузду майрамдаган 12 өлкөдөн жандуу музыка аткаруусу жана Нооруз символдору жана ырым-жырымдары тартылган видео-клиптер, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррештин Нооруз майрамына байланыштуу видео кайрылуусу көрсөтүлдү.

Иш чарага катышкан элчилер жана өкүлдөр, БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы жана ЮНЕСКОнун өкүлү да Нооруз майрамы жана жаздын башталышы менен куттуктаган кыскача баяндамаларды жасашты.

Белгилей кетсек, Нооруз майрамы 2009-жылы сентябрда ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилген. Ал эми 2010-жылдын февралынын аягында БУУ Башкы Ассамблеясынын 64-сессиясы 21-мартты “Эл аралык Нооруз күнү” катары жарыялаган.

Комментарий жиберүү