Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Ибрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Раиси Нооруз – бул байыркы салт гана эмес, тынчтыктын, ынтымактын жана жаңылануунун символу экенин, региондогу элдердин маданияты менен тарыхында бекем орун алгандыгын белгиледи.

“Жазгы күн менен түндүн теңелиши жана жаратылыштын гүлдөп, жердин кубулушу менен бардык адамдардын жүрөгүн жана рухун жакшы, жогорку сапаттар ээлеп, ал эми жаман жана ыплас нерселер адамдын жүрүм-турумунан жана иш-аракеттеринен жоголот, адамдардын жашоо шартында терең өзгөрүүлөр орун алып, ошондо биз коомдун өсүп-өнүгүшүнө күбө болобуз деп ишенем”, – деп айтылат Иран Ислам Республикасынын президентинин куттуктоосунда.

Сейед Ибрахим Раиси Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү жана бакыт каалады.

Комментарий жиберүү