Москвадагы теракт. Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге Москвадагы террактка байланыштуу телеграмма жолдоду.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

“Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта «КРОКУС СИТИ ХОЛЛдо» көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм.

​Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

22-март күнү кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында болгон кандуу кол салууда
40 адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар экенин Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдирди. Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко 115 адам ооруканага жаткырылганын, алардын бешөө балдар экенин билдирди.

Кол салууну уюштургандар Renault үлгүсүндөгү ак түстөгү унаа менен качып кеткендиги божомолдонуп жатканын РИА Новости жазды.

Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Окуяга күбө болгон РИА Новости агенттигинин кабарчысынын айтымында, залга кеминде камуфляжчан, беткапсыз үч адам кирип келип, элге ок чыгарып, күйүүчү шашкаларлы ыргытышкан. Натыйжада өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө авиация тартылды. Өрттүн аянты, акыркы маалыматтар боюнча, 12,9 миң чарчы метрди түзөт.

Комментарий жиберүү