“Крокустагы” терактка эл аралык коомчулуктун реакциясы

22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында кандуу кол салуу болду. Анын кесепетинен 60 адам каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алганын Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдирди.

Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко 115 адам ооруканага жаткырылганын, алардын бешөө балдар экенин билдирди.

Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Окуяга күбө болгон РИА Новости агенттигинин кабарчысынын айтымында, залга кеминде камуфляжчан, беткапсыз үч адам кирип келип, элге ок чыгарып, күйүүчү шашкаларлы ыргытышкан. Натыйжада өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө авиация тартылган.

Эл аралык коомчулуктун реакциясы

Ирандын ТИМ башчысы

Ирандын Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Москванын жанындагы “Крокус Сити Холл” соода борборундагы терактты айыптап, терроризмге каршы натыйжалуу күрөш дүйнөлүк коомчулуктан олуттуу кадамдарды талап кылат, деп билдирди өзүнүн Х социалдык тармактагы баракчасынан.

“(Подмосковьедеги) террордук актты кескин айыптап, бул каргашалуу окуяга байланыштуу курман болгондордун жакындарына, кесиптешим Сергей Лавровго, Россиянын өкмөтүнө жана элине көңүл айтам. Терроризмге каршы биргелешип жана натыйжалуу күрөш дүйнөлүк коомчулуктан олуттуу кадамдарды талап кылат“, – деп айтылат министрдин кайрылуусунда.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев

«Казакстан Москвадагы жайкын тургундарга каршы жасалган террордук актыны кескин айыптайт. Терроризмди эч кандай актоого болбойт, биз Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттерди бейкүнөө жарандарга карата зомбулуктун мындай түрүн бир добуштан четке кагууга чакырабыз.

Ал президент Владимир Путинге көңүл айтып, Казакстандын укук коргоо органдарына «зарыл болсо Россиянын укук коргоо органдарына жардам көрсөтүүнү» тапшырды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев

Мирзиеевдин көңүл айтуу катында «Өзбекстан карапайым калкка каршы жасалган бул террордук актыны кескин айыптары айтылат. Президент «курман болгондордун жакындарына чын жүрөктөн колдоо сөздөрүн айтып», «бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады».

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан

Фидан россиялык кесиптеши Сергей Лавровго телефон чалып, президент Режеп Тайып Эрдогандын атынан “Крокус Сити Холлдогу” трагедияга байланыштуу Россия элине көңүл айтты жана кандуу террордук чабуулду айыптады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Рахмон Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөтүп, анда ал адамгерчиликсиз зордук-зомбулуктун бул актысын кескин айыптаганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалады.

Түркмөнстан ТИМи

Тышкы иштер министрлиги Москванын жанындагы “Крокус Сити Холлдо” болгон терактты кескин айыптап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

«Түркмөнстан 2024-жылдын 22-мартында Москва облусунун Красногорск шаарындагы концерттик залла болгон терактты кескин айыптайт. Каза болгондордун жакындарына жана жакындарына көңүл айтып, колдоо көрсөтөбүз. Жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайбыз», — деп айтылат ведомствонун расмий сайтында.

Садыр Жапаров

“Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта «КРОКУС СИТИ ХОЛЛдо» көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм. Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”,- деп айтылат президент Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путинге жолдогон телеграммасында.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жон Кирби

«Биз көбүрөөк маалымат алууга аракет кылып жатабыз, бирок бул тууралуу орус бийлигинин айтканы жакшы. Ал жерден тартылган кадрлар үрөй учурат жана аны көрүү кыйын болууда. Биздин оюбуз бул үрөй учурган кол салууда жакындары каза болгондор менен. Бул коркунучтуу кол салуу тууралуу бизде алдын ала маалымат болгон эмес.  Учурда ок атууга Украинанын же украиналыктардын тиешеси бар деген эч кандай белги жок».

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 

Цзиньпин Россиянын президенти Владимир Путинге Россиядагы  терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жибергенин Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

“Си Цзиньпин Россиядагы террордук чабуулга байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү”, — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Комментарий жиберүү