А. Жапаров М. Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү.

«Крокус Сити Холлдо көп сандаган курмандыктарга алып келген террордук чабуулга байланыштуу менин чын жүрөктөн жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети зарыл болгон ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө жана жапа чеккендерге колдоо көрсөтүүгө кошулууга даяр. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, колдоо көрсөтүү сөздөрүн жеткирип коюшуңузду өтүнөм», – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, Россиянын Тергө.ө комитетинин акыркы маалыматы боюнча, 23-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 133кө жетти.  Мекеме курмандыктар саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирүүдө.

Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген, айрымдары ышка ууланган. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 40 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жараат алганын жазышууда.

Комментарий жиберүү