«Бүркүт-44»: Иран биринчи жолу аба күчтөрүнүн жер астындагы базасын көрсөттү. Видео

 Иран биринчи жолу өлкөнүн аба күчтөрүнүн согуштук жана бомбалоочу учактары бар жер астындагы аскердик-тактикалык жаңы базасын көрсөттү.

Репортажды Иран Ислам Республикасынын улуттук телерадиокорпорациясы тарткан.

«Агаб-44» (Бүркүт-44) деп аталган базасын көрсөтүү ишчарасына Ирандын Коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-майор Мохаммад Багери жана Ирандын кургактагы аскерлеринин башкы командачысы генерал-майор Абдулрахим Мусави катышты.

База өлкөнүн аба күчтөрүнүн бомбалоочу жана согуштук учактарынын бардык түрүн кабыл алууга жана тейлөөгө жөндөмдүү. 

Ал жердин тереңинде жайгашкан жана аба чабуулдарынан жана бомбалоодон коргоонун өзгөчө даражасына ээ.

Ошондой эле техниканы тейлөө үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар: командалык пункт, согуштук учактарды   тейлөөчү ангарлар, учактарды тейлөө борборлору, навигация жана аэродромдук жабдуулар.

Бирок бул Ирандагы жалгыз база эмес, мындай бир катар базалар бар.

Базаны көрсөтүү иш-чарасында 10 согуштук учак абага көтөрүлүп, алар кайра туруктуу жайгаштырылган жайга ийгиликтүү кайтып келишти.

Эске салсак, өткөн жылдын май айынын аягында Иран бийлиги жер астындагы аскер базасынан ата мекендик өндүрүштөгү сокку уруучу дрондордун кадрларын көрсөткөн.

Комментарий жиберүү