Вашингтондун Борбор Азияга кызыгуусу артууда

 АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу Борбор Азия өлкөлөрүнө кезектеги сапарын баштады.

Ал бүгүн, 24-апрелде Кыргызстанга келди, андан соң Тажикстанга барат. Буга чейин Лу Бишкекте Кыргызстандын жогорку кызматтагы өкүлдөрү, ошондой эле экономика тармагынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушары маалымдалган. Жолугушуунун негизги темалары АКШнын Кыргызстандын экономикасына көрсөткөн колдоосу, аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, адам укуктары жана басма сөз эркиндиги болору айтылган.

Дональд Луну алгач эле Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМи кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин келечегин талкуулап, коопсуздук, жашыл экономика, ошондой эле С5+1 механизминин негизинде кызматташуу тууралуу да кеп кылышкан.

Кулубаев кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосунда кызыкчылыктардын эске алынышын жана пайдалуу кызматташууну жактай турганын белгиледи. Өз кезегинде Лу Кыргызстандагы демократиялык институттарды жана жарандык коомду бекемдөөгө колдоо көрсөтө турганын тастыктаган.

Соңунда тараптар ар түрдүү багыттагы кызматташуу үчүн диалогду улантууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Ал эми америкалык аткаминер Душанбеге жасаган сапарынын алкагында республиканын өкмөт өкүлдөрү менен жалпы көйгөйлөрдү жана максаттарды, анын ичинде коопсуздук тармагындагы маселелерди талкуулайт. Ошондой эле Тажикстандагы басма сөз жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушары маалымдалган.

Дональд Лунун Кыргызстан менен Тажикстанга сапары беш күнгө, 22-апрелден 27-апрелге чейин созулат жана былтыркы Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга болгон сапарынын уландысы болуп саналат.

Анда 25 миллион долларлык “Борбордук Азиядагы экономикалык туруктуулук демилгеси” долбоору ишке киргизилген.

Дональд Лунун сапары учурунда АКШ тарабынан чөлкөмдөгү өлкөлөргө Россияга чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн жардам көрсөтпөө сунушталган. Вашингтон Кыргызстан менен Россиянын бир катар тармактарда, биринчи кезекте аскердик чөйрөдө жакындашуусуна да көңүл бурат.

Эске салсак, Москва менен Бишкек 2022-жылдын 16-августунда кол коюлган макулдашууну, тагыраагы, Биргелешкен регионалдык абадан коргонуучу системасын түзүү боюнча келишимди бекитүүгө байланыштуу ички жол-жоболорду аяктоодо. Жакында эле   РФ өкмөтү Кыргызстан менен Россиянын абадан коргонуучу биргелешкен системасын түзүү жөнүндө макулдашууну Мамлекеттик Думага жана Федерация кеңешине ратификациялоого киргизүү үчүн президенттин кароосуна койду.

“Россия менен Кыргызстан аскердик гана эмес, саясий жактан да жакындашууда, анткени саясатсыз бир дагы аскерий союз болушу мүмкүн эмес”, – деди аскердик эксперт Виктор Литовкин “Назависимая газета” сайтына.

Анын айтымында, Кыргызстанга аскердик техниканы Россия жеткирет, бирок АКШнын республиканы НАТОнун стандарттарына өткөрүү боюнча башка пландары бар болчу.

“Абадан коргонуучу биргелешкен система Кыргызстандын гана эмес, жалпы региондун коопсуздугун чыңдайт. Келишимдин шарттарына ылайык, Бишкек абадан коргонуу инфраструктурасын жайгаштыруу үчүн келишимдин мөөнөтүнө чейин Россияга 5 гектар жер тилкесин берет. Москва 600 чакырым алыстыктагы С-300 же С-400 системаларын берсе, анда Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Казакстандын асманын Кыргызстандын асманынан коргоого болот. Россиянын Борбор Азиядагы позицияларынын бекемделиши америкалыктардын кыжырына тийип жатканы айдан ачык”, – деп эсептейт эксперт.

Литовкин белгилегендей, заманбап аскерий техниканы россиялык аскер кызматкерлери тейлешет, ал эми америкалыктар үчүн Борбордук Азияда орун жок.

Анын үстүнө Кыргызстан менен АКШнын ортосунда 2013-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан бузулган кызматташуу келишимин кайра калыбына келтирүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Эске салсак, бул маселе акыркы бир нече жылдан бери кыргыз-америкалык мамилелердин күн тартибинде турат. Бир жыл мурун Бишкекке келген мамлекеттик катчынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея кызматташуу боюнча жаңы келишимге кол коюуга даярдыгын билдирген.Эксперттер Дональд Лунун аймакка сапары Сиань шаарында 18-майга белгиленген Кытай-Борбор Азия саммитинин алдында болуп жатканын белгилешүүдө. Аймак өлкөлөрүнүн Кытай менен жакындашуусу АКШны тынчсыздандырбай коё албайт.АКШ Борбор Азияны Россияга да, Кытайга каршы плацдарм катары колдонгусу келерин Россиянын Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер боюнча улуттук изилдөө институтунун улук илимий кызматери Станислав Притчин“Назависимая газета” сайтына билдирди.«Бирок алардын инструменталдык мамилеси чектелүү. Ал “жумшак күчтү” – бейөкмөт уюмдарды, алардын лоббисттерин, алардын окуу мектебинен өткөн аткаминерлерди колдонуп, Россия менен Кытайдын Борбордук Азия өлкөлөрү менен биргелешкен долбоорлор жана башка багыттар боюнча кызматташуусун минималдуу чыгым менен кыйындатууда турат”, – деди эксперт.Притчиндин пикиринде, АКШнын аймакты туруктуураак кылуу милдети жок. АКШ инвестиция, соода жана мигранттар жагынан аймактагы Россия менен Кытайды толук кандуу алмаштыра албайт. Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы Россия менен кызматташууну кыскартпай турганы анык. Бул алардын коопсуздугунун маселеси.

Комментарий жиберүү