В. Путин Э. Рахмон менен эмнени сүйлөштү?

Тажикстандын президенти  Эмомали Рахмон 24-мартта Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу тажик президентинин пресс-кызматы билдирди. 

Сүйлөшүү учурунда тажик лидери Москванын четиндеги «Крокус Сити Холл» комплексиндеги ырайымсыз кандуу террордук актыны чечкиндүү түрдө айыптады.

Ал «террорчулардын улуту, мекени жана дини да болбой тургандыгын» баса белгиледи.

Тажикстандын президенти үрөй учурган трагедияда каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтты.

«Россия Федерациясындагы жалпы улуттук аза күтүү саатында Эмомали Рахмон Тажикстандын баардык жарандарынын бир тууган россиялык эл менен тилектештигин баса белгиледи», – деп айтылат маалыматта.

Эки өлкөнүн президенттери террорчулук, экстремизм жана диний радикализмдин коопсуздукка олуттуу коркунуч жараткан көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү боюнча тыгыз кызматташтыкты улантуу ниетин тастыкташкандыгы баса белгиленген.

ТРнын президентинин пресс-кызматынын билдирүүсү боюнча, бул коркунучтарга биргелешип каршы күрөшүү боюнча аракеттерди мындан ары да күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурулган.

Акыркы маалыматтар боюнча, «Крокус Сити Холлдо» 137 адам каза болду, алардын үчөөсү балдар, ал эми жабыркагандардын саны 180 адам.

Комментарий жиберүү