Газадагы геноцидке 170 күн: өлгөндөрдүн саны 32 миңден ашты

Израилдин Газа тилкесиндеги палестиналыктарга каршы геноциддик согушуна 170 күн болду. Акыркы 24 саатта эле Израилдин Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарындагы турак жайларга жасаган соккуларынын натыйжасында кеминде 27 палестиналык набыт болгонун палестиналык WAFA маалымат агенттиги билдирди. Анын маалыматына караганда, беш үй бомбаланган. Каза болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинын акыркы маалыматы боюнча Израилдин Газадагы операциясы башталгандан бери набыт болгон палестиналыктардын саны 32,2 миңден ашып, 74,5 миңден ашуун адам жаракат алды.

Жекшембиде Газадагы мамлекеттик маалымат кызматы “геноциддик согуштун статистикасы” боюнча жаңыртылган маалыматты жарыялады

Ага ылайык, курмандыктардын эң көп пайызын ( 73%га жакын) аялдар жана балдар түзөт. Жалпысынан согуш башталгандан бери 14 280 бала набыт болсо, анын 27си Газанын түндүгүндө ачарчылыктын айынан жан берген. Ошондой эле азыркы тапта Газа тилкесинде 17 000 бала ата-энесиз же алардын бирисиз калган.

Ал эми аялдар арасында курмандыктардын саны 9340ка жетти. Ошондой эле учурда 60 миңдей кош бойлуу аялдын өмүрү медициналык жардамдын жетишсиздигинен улам коркунучта турат.  

Дарыгерлер менен журналисттердин арасындагы жоготуулар

Газа тилкесинде кесиптик милдеттерин аткарып жүргөн дарыгерлер менен журналисттердин арасындагы дагы жоготуулар көп болууда. Газадагы мамлекеттик маалымат кызматы билдиргендей, Израиль-Палестина жаңжалы башталгандан бери 364 медицина кызматкери каза болгон.

Ошондой эле медициналык кызматкерлерди камоо боюнча 269 факты катталып, алардын көбү гуманитардык милдеттерин аткарып жаткан учурда ооруканалардын ичинен камакка алынган.

Мындан тышкары, Израилдин Газадагы медициналык мекемелерди тынымсыз бомбалоосунан 32 оорукана жана 53 медициналык борбор иштен чыгарылган. Андан сырткары, израилдик күчтөр 126 тез жардам унаасына кол салышкан, алардын айрымдары иш учурунда аткыланган.

Ал эми медиа кызматкерлеринин арасында 136 журналист өлтүрүлүп, 12си камакка алынган.

Дарыланууга муктаж бейтаптар 

Согуштун бардык мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге карабай, Газада согуш учурунда жабыркагандар жана оорулуу  бейтаптар да тиешелүү жардам ала алган эмес.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин отчетунда өмүрүн сактап калуу үчүн дарыланууга башка жерге  барышы керек болгон 11 миң бейтап бар экени, алардын Газада калуусу күн сайын алардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканы айтылат.

Мындан тышкары, онкологиялык оорулар менен жабыркаган 10 000дей бейтап өлүм коркунучунда турат, алар дарыланууга муктаж. Ошондой эле жугуштуу оорулар менен ооруган 700 миң бейтап жер которууга аргасыз болгон. Аргасыздан жер которуу гепатит С инфекциялык оорусунун жайылышына себеп болуп, натыйжада оору жуктуруп алган 8000 учур катталган. 

Өнөкөт оорулар менен жабыркаган 350 миңдей бейтаптын өмүрү да дары-дармектин жетишсиздигинен улам коркунучка кептелди.

Урандыга айланган Газа

Израилдин аба күчтөрү Газа тилкесинин түндүгүндөгү бардык райондорду абадан сокку уруп жатып жер менен жексен кылды. Израилдин армиясынын чабуулдарынан 168 өкмөттүк имарат, 100 мектепти жана университетти толук талкаланып, 305 мектеп жана университет жарым-жартылай кыйратылган. Израилдик күчтөр сыйынуучу жайларды да аяган эмес: 226 мечит толугу менен, 290у жарым-жартылай талкаланып, үч чиркөө кыйратылган.

Баскынчы күчтөр ошондой эле 360 миңдей турак жай жарым-жартылай талкалашкан, бирок аларда мындан ары жашоого мүмкүн эмес. 

Израил армиясы материалдык зыяндан тышкары 200дөй байыркы жайларды жана тарыхый эстеликтерди да жок кылган.

Жогоруда белгиленген статистикадан тышкары, газалыктар ички жер которууларды баштан кечирүүдө,  аргасыз жер которгондордун саны 2 миллион кишиге жетти, алардын көбү Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында баш калкалашкан.

Комментарий жиберүү