ЖМК: “Крокустагы” террорчулар Борбор Азия өлкөлөрүндө да теракт даярдап жатышкан

“Крокус Сити Холлдогу” теракттын уюштуруучулары бир эле убакта Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринде дагы бир теракт даярдап жатышкан, бирок анын алды алынган.

Бул туурасында россиялык “Известия” басылмасына маалымдар булак билдирди.

Басылманын маектеши теракт даярдалып жаткан өлкөнүн атын атаган жок, бирок ал “Крокус Сити Холлдогу” чабуул менен бир убакта болмок экенин белгиледи.

Булак ошондой эле Москвадагы терактка даярдыктын мурда белгисиз болгон чоо-жайын айтты. Анын айтымында, кылмышкерлер концерттик залды кадимки бензин менен өрттөшкөн.

«Крокуска бараткан жолдо май куюучу жайга токтоп, бензин сатып алып, желим бөтөлкөлөргө куюп алышкан. Андан кийин аларды залды өрттөш үчүн колдонушкан», — деп түшүндүрдү «Известия» басылмасынын маектеши.

Ал кошумчалагандай, бул топ классикалык мааниде уюшкан террордук ячейка болгон эмес – ал эч кандай структуранын алкагында болгон эмес,  ал террордук чабуулдан бир нече жума мурун түзүлгөн.

Анын эки катышуучусу Түркияга барганда көрсөтмө алышкан, калгандары болсо Россиянын аймагында азгырылган дейт, басылманын маектеши.

Бирок Борбор Азия өлкөлөрүндө теракт даярдаган адамдардын кармалганы тууралуу эч кандай резонанстуу маалыматтарды таба алган жокпуз.

Белгилей кетсек, Москвадагы террордук чабуулдан кийин Борбор Азия өлкөлөрүндө коопсуздук күчтөрү  коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча иш-чараларды, жыйындарды өткөрө баштады.

Эске салсак, 22-март күнү кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында теракт болуп, 100дөн ашуун адам каза тапты. “Пикник” тобунун концертинин алдында белгисиз адамдар имараттын ичиндеги адамдарга автоматтан ок чыгарып, өрт коюшкан.

Акыркы маалыматтар боюнча 137 адам каза болуп, 180ден ашууну жарадар болгон.

ФСБнын маалыматы боюнча, террордук чабуулга шектелип 11 киши, анын ичинде терактка түздөн-түз тиешеси бар төрт адам кармалган.

Комментарий жиберүү