Иран президенти Израилди аймактагы туруксуздуктун тамыры деп атады

Иран президенти Ибрахим Раиси Израилди аймактагы туруксуздуктун тамыры деп атады. Бул туурасында ал палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания менен Тегерандагы сүйлөшүүлөрдө билдирди.

«Бүгүнкү күндө Палестина маселесинин чындыгы жана анын колдоочуларынын, анын ичинде Иран Ислам Республикасынын позициясы  жалганчы жана кылмышкер сионисттик режим аймактагы бардык көйгөйлөрдүн түпкү тамыры болуп саналарын бүткүл дүйнө элине далилденди” – деп билдирди Раиси.

Ал белгилегендей, Палестинанын каршылык көрсөтүү күчтөрү жана Газа тилкесинин тургундарынын туруктуулугунун аркасында Палестина маселеси ислам дүйнөсүнүн алкагынан чыгып, бүткүл адамзаттын көйгөйүнө айланды.

Раисинин айтымында, Газа тилкесиндеги окуялар АКШ жана кээ бир Батыш өлкөлөрүнүн чыныгы табиятын ачып берди.

26-мартта ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысы Тегеранга келип, ал жерде Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ханияны ошондой эле Ислам Республикасынын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи да кабыл алып, Тегеран палестиналыктарды колдоону улантуудан тартынбай турганын баса белгиледи.

Бул Ханиянын Иранга 7-октябрдагы Израиль-Палестина жаңжалы кескин курчуп кеткенден кийинки экинчи сапары.

Комментарий жиберүү