«Крокус Сити Холлдогу» теракт: дагы бир шектүү кармалды

РФнын Тергөө комитети (ТК) 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарында террордук акт жасоого шектүүлөрдү каржылаган дагы бир адам кармалгандыгын билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал террорчуларды каржылоо схемасына катышкан жана изи Украинага барып такалат. Бул тууралуу “Медуза” маалымат каражаты жазды.

Ведомство мындан башка эч кандай маалымат берген эмес.

ТКнын маалыматында ошондой эле «кармалган террорчулар менен иштөөнүн жыйынтыгында алардын украиналык улутчулдар менен байланышы тууралуу далилдер алынган»,- деп тастыкталган.

“Тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарда теракты аткаргандарга Украинадан ири суммадагы акча каражаты жана криптовалюта келип түшкөндүгү, ал акча кылмыш жасоо учурунда колдонулгандыгы боюнча далилденген маалыматтар бар”, – деп айтылат маалыматта.

РФнын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) 23-мартта теракт боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө 11 адам кармалгандыгын билдирген.

Алардын төртөөсү – Сайдакрам Раджабализода, Далерджон Мирзоев, Фаридун Шамсиддин жана Мухаммадсобир Файзов – адамдарды массалык өлтүрүүгө айыпталууда.

Алардын баардыгы 24-мартта 2 ай мөөнөткө камакка алынган.

25-мартта сот дагы үч адамды – Аминжон Исломовду, Диловар Исломовду жана алардын атасы  Исроил Исломовду камакка алган. Алар шектүүлөргө автомашина жана туракжай бергендиги үчүн айыпталууда.

Бул үчөөсү тең – Россиянын жарандары. Диловар Исломов  терактка чейин теракт жасоону аткаруучулардын бирине “Рено” автомашинасын саткан. Бирок машинанын документтери жаңы ээсине кайра катталган эмес.

Сегизинчи адам,  Алишер Касымов – 32 жаштагы теги кыргызстандык, өзү учурда Россиянын жараны болуп саналат. Ал 26-мартта майдын аягына чейин камакка алынган. Ал Фаридун Шамсиддинге квартирасын ижарага бергендиги үчүн айыпталууда.

Кармалган 11 шектүү адамдардын калгандары тууралуу азыркыга чейин эч кандай маалымат бериле элек.

22-мартта кечинде куралданган террорчулардын тобу Красногорскидеги   «Крокус Сити Холл» концерттик залына кирип барышып, адамдарды аткылай башташкан.

Андан соң алар көрүүчүлөр залындагы отургучтарга күйүүчү суюктукту чачып, өрт койгон. Натыйжада имаратта чоң өрт чыккан.

Акыркы маалыматтар боюнча, терак учурунда каза болгондордун саны 143 адамга жетип, жабыр тарткандар – 182.

Теракта Украинанын изи бар экендиги тууралуу «Известия» басылмасына РФнын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров да билдирген:

“Батыш эч кандай аргументтерди көрсөтпөстөн туруп,  Россияны бир эле терактка Украинанын катыштыгы жок экендигине ишендирүүгө аракет кылбастан, дипломатиялык каналдар аркылуу да Киевден шек санабоого чакырууда”.

“Крокустагы” терактка катыштыгы барлардын баардыгы татыктуу жазасын алышат”, – деп белгилеген ал.

Комментарий жиберүү