БУУ: Газада ооруканалардын үчтөн экиси иштен чыкты

Газа тилкесинде ооруканалардын үчтөн экиси иштен чыкты. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросунун баяндамасында айтылат.

Маалыматка караганда, Газа тилкесиндеги 36 оорукананын кеминде 24ү иштен чыккан.

“Газанын саламаттыкты сактоо системасы уланып жаткан согуштук аракеттерден жана чектөөлөр менен байланышкан көйгөйлөрдөн улам кыйрап жатат, бул иштен чыккан ооруканалардын санынын көбөйүшүнө алып келүүдө”, – деп айтылат документте.

27-мартка карата Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, Газадагы 36 оорукананын 24ү иштебей калган. Газанын түндүгүндө эки оорукана минималдуу деңгээлде, дагы 10у жарым-жартылай иштеп жатат, анын ичинде төртөө Газанын түндүгүндө жана Газанын түштүгүндө 6 оорукана жарым-жартылай иштеп жатат.

Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун эл аралык федерациясы Газа тилкесинин түндүгүндө саламаттыкты сактоо системасы “негизинен талкаланганын” жана түштүктө “кыйроонун алдында” турганын билдирди.

БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросунун баяндамасында ошондой эле суу, тамак-аш жана санитардык керектөөлөрдүн жетишсиздигинен улам кызмат көрсөтө албай жаткан Газадагы “Камаль Адван” ооруканасына күн сайын начар тамактанган 16 бала жаткырылып жатканы айтылат.

Мындан тышкары, Газадагы Аль-Шифа ооруканасы 10 күндөн ашык убакыттан бери курчоодо турат. Израилдик күчтөр бул оорукананын кызматкерлерин жана бейтаптарын имаратка камап, оорукананын кире бериштерин тосуп салышкан. Андан сырткары, Палестинанын Кызыл Жарым Ай коомунун кызматкерлери Хан-Юнистеги Аль-Амаль ооруканасынын кызматкерлерин жана бейтаптарын эвакуациялоого мажбур болушкан. Израилдик аскерлер оорукананын ичиндегилерге эвакуацияланууга мажбур кылган.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму Газада иштеген ооруканаларда маанилүү жана өмүрдү сактап калуучу операцияларды улантуу жана бейтаптарды, анын ичинде реанимация бөлүмүндө кам көрүү үчүн керектүү буюмдар жетишсиз экенин эскертти.

Уюм дагы бир жолу Газа тилкесиндеги ооруканаларга кол салуулардын токтоосуз токтотулушун талап кылып, медициналык кызматкерлерди, бейтаптарды жана жарандарды коргоого чакырган.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 32 490 кишиге жетип, 74 000ден ашууну жарадар болду. 

Комментарий жиберүү