К. Осмонбеков, Россиядагы Кыргыз диаспорасынын жетекчиси: “Россияга  келүүдөн азырынча карманып туруңуздар”

22-мартта “Крокус Сити Холл” концерттик залында болгон терактын кесепети эң оболу Россияда иштеп жүргөн мигранттарга тийүүдө. Азыр айрым орус депутаттары борбор азиялыктарга виза эрежесин киргизүү зарылдыгын айтышса, кээ бир региондор такси, соода кызматында иштегендерди жумуштан бошото баштады. Жалпы эле бул өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандык мигранттардын абалы кандай? Биз бул суроолорго жооп алуу үчүн Россия Федерациясындагы Кыргыз диаспораларынын кеңешинин жетекчиси Кубанычбек Бекболотович Осмонбеков менен маектештик.

– Кубанычбек Бекболотович, “Крокус Сити Холлдогу” терактыдан кийин Россияда миграциялык абал бир кыйла чыңала түштү окшойт. Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаттары Сергей Миронов менен  Михаил Матвеев борбор азиялык мигранттарга, өзгөчө Тажикстан менен виза режимин киргизүү керек деген сунушун билдирди. Эгер сөз эмгек миграциясы боюнча болгон болсо, жалпы эле Борбор Азиядагы мамлекеттерден барган эмгек миграциясына эпкини тийиши мүмкүнбү?

– Биринчиден, Кыргызстан жана Кыргызстандын жарандары Евроазия экономикалык бирикмесинин мүчөсү болуп саналат. Ошон үчүн биз эмгек мигранттары деген статуска ээ эмес, эмгектенүүчү статусундабыз. Негизи виза кириши мүмкүн эмес, эгер виза киргизген күндө да бул режим бизге колдонулбайт.

Менимче Россиянын Мамдумасынын депутаттары кырдаалга жараша айтып коюшу мүмкүн. Ал эми негизи, жыйынтык кабыл алуучу орган такыр башка тармак. Ошон үчүн депутаттар көп учурда кырдаалга жараша маселе көтөрүп, айрыкча мигранттарга басым жасап келишкен болсо, “Крокус Сити Холлдогу” окуядан кийин ого бетер “виза киргизиш керек, күчөтүү керек” деп жатышат, бир катар каталыраак өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн, бирок виза жакынкы аралыкта ишке ашчу маселе эмес.

Ал эми мигранттар айдоочулук кызматтан кетсин деген сөздөр болуп жатат. Деген менен Кыргызстанда орус тили расмий тил болгондуктан, кыргыз жарандарына мунун тиешеси жок деген да маалыматтар бар. А негизи 1-апрелден баштап айдоочулар Тажикстан, Өзбекстан жана башка Евроазия бирикмесине кирбеген өлкөлөр алар сөзсүз түрдө айдоочу күбөлүгүн, орус айдоочу күбөлүгүнө алмаштырып, экзамен тапшырып, мына ушунун негизинде гана жумушка орношо алат деген маалымат тарап жатат. Мындан тышкары, патент системасы Евроазия бирикменин өкүлү катары кыргыздар үчүн жок. Ал эми өзбек, тажик мигранттарына патент кымбаттайт деген кабар бар.

– Социалдык тармактардан тарап жаткан маалыматтарга караганда, Тажикстандын жарандары масштабдуу түрдө Россиядан чыгарылып, кала берсе депортацияланып жатат. Кыргызстандын жарандарына орус бийлигинин мамилеси кандай?

– Негизи азыр массалык чуу эмес, жалпы мүнөз жаралып, тажик жарандарына терс көрүнүш бар. Азыр колдон келишинче орус тарап дагы, бийлик тарап дагы түздөөгө аракет кылып жатат. Ошентсе да анча-мынча улуттук көз карашы бар жергиликтүү элдер тарабынан ар кандай улутчул мүнөздөгү ураандар көбүрөөк чыгып жатат. Телеграмм каналдарда айрым чакырыктар болууда. Алар чет элдик жарандарды, борбор азиялыктар алардын ичинде өзгөчө тажиктерди белгилеп катуу басым болууда. Ал эми депортация жер-жерлерде жүрүп жатат.

Кечээ мен Россиянын беш алты чоң-чоң региондоруна телефон аркылуу байланышка чыктым. Азыр Новосибирскиде текшерүү болуп жатыптыр. Сочиде, Краснодарда, Самарада, Казанда тынч эле.

– Бирок, теракт учурунда элге жардам берген кыргыз жигиттеринин аракетинен улам Россиянын белгилүү саясатчысы Сергей Лавров кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдиргендиги жалпы эле Россиядагы кыргыздарга жакшы маанай жаратты окшойт.

– Албетте, бул  сыймыктанчу иш. Башында эки азамат жигитибиз Ислам Халилов менен Рустам Бактыбековдордун ысымы айтылып жаткан. Азыр Каныбеков Белектин дагы аты аталып жатат. Кудайга шүгүр, бул жигиттер өздөрүнүн гана эмес, жалпы кыргыз элинин кадыр-баркын көтөрүп коюшту.

Муну Кыргызстанда да массалык маалымат каражаттары сыймыктануу менен бардык социалдык тармактарга чыгарып, башка өлкөлөрдүн алдында өзүбүздүн биримдигибизди көрсөтө алдык. Мындан тышкары,  кыргыз диаспоралары да аябай чоң аракеттерди көрүп, эрдик кылган жигиттерибизге жеке өзүбүз гана ыраазычылык айтып тим болбой, жапатырмак колдоо менен соцтармактарга чыгарып жаттык.

Биздин максат – кыргыз элинин өжөрдүгүн, айкөлдүгүн, ошол эле маалда эр жүрөк экендигибизди көрсөтүү менен кыргыз мигранттарына орус жарандарынын алдында аброй топтоп алдык. Ошол эле учурда диаспора жетекчилери ак калпактарыбызды кийип алып Россия элине көңүл айтып, видео кайрылуу жасап, “Крокус Сити Холлго” 24-март күнү барып, гүл чамбар коюп келдик. Муну дагы орус журтчулугуна көрсөтүп, “биз кыргыздар силер менен…” деген көңүл айтуу менен кайрылдык.

– Россиянын “Шереметьево”, “Домодедово” эл аралык аэропортторундагы Кыргызстандан барган мигранттар “Кайра артка кайтууга аргасыздык жаралып жатат” деп кайрылып жатышат. Сиздер алар менен байланыштыңыздарбы? Бул абал канча убакытка чейин созулушу мүмкүн?

– Албетте, мындай чоң каргашалуу окуя болуп жаткандан бул боло турчу иш. Анын үстүнө орус калкы үчүн “чет элдик жарандар” деген көз караш калыптанып, бизге да бир аз запкысы тийди. Биринчи күнү биздин ондон ашык, экинчиси кыркка жакын мекендештер кайра Россияга келген учурунда эле Кыргызстанга кайтарылды. Бул боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги, диаспора дагы өзүбүздүн деңгээлде бүт жарандарыбызга соцтармактар аркылуу ачык жана жабык каналдарыбыз аркылуу мекендештерибизге Россия Федерациясына азырынча келүүдөн карманып туруңуздар деп кайрылып турдук. Эми бул жагдай кырдаалга жараша дагы 2,3 айга чейин созулушу мүмкүн. Анын үстүнө азыркы учурга байланыштуу айдоочу кызматындагыларга да текшерүүлөр болуп жатат. Ошондуктан мекендештер бизди туура түшүнүү менен кабыл алууларын суранып жатабыз.

– Теракт учурунда эки кыргызстандык кыздын каза болгону айтылып жатат…

– Тилекке каршы,  эки кыргыз жараныбыз  табылбай жатат. Алар алынган маалыматтарга караганда, “Крокус Сити Холлдо” иштеп жатышкан экен. ӨКМдин сайтында эки кыздын каза тапкандардын арасында аты жөндөрү чыкты. Бирок, ДНК анализи чыкмайынча каза болду деп айтуу  эрте. Азырынча так маалымат жок болгондугуна байланыштуу тастыктала элек. Жакшылыктан үмүт үзбөй туралы.

Маектешкен  Турдайым Кожомбердиева.

Комментарий жиберүү