Москвадагы мусулман коомчулугунун палестиналыктарга тилектештиги

Эл аралык Аль-Кудс күнүн утурлай Россиянын Борбордук муфтият башкармалыгында «Аль-Кудстагы ифтар дасторкону – Газа элин түшүнүңүз» аттуу иш-чара болуп өткөнүн “Eurasia Today” маалымдайт.

Ага Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали, “Борбордук муфтият” мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Анар Рамазанов жана мусулман коомчулугунун өкүлдөрү катышып, жамаат менен намаз окулуп, ифтар уюштурулду.

Белгилей кетсек, Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештик билдирген Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күн Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген.

Чыныгы исламда зомбулукка орун жок

Иш-чаранын алкагында, Иран элчиси Казем Жалали Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларында 34 миңден ашуун киши мерт болгонун, бул кылмыштардын курмандыктарынын көбү аялдар жана балдар экенин, дагы 7 миңдей бейкүнөө адам урандылардын астында калганын айтты.

Ал Израиль АКШнын колдоосу менен Рамазан айында да мусулмандарга каршы кылмыш жасап жатканын, бул кылмыштарга Батыш бийликтери, өзгөчө Америка көз жумуп жатканын, бул азыркы дүйнөнүн ачуу чындыгы экенин белгиледи.

Иран элчиси басылып алынган Палестина аймактарындагы сионисттик режимдин кылмыштарын токтотууну талап кылып, жаныбарлардын укуктарын сактоо керек деген заманда адамдардын укуктары сакталбай жатканын белгиледи.

Казем Жалали Москвадагы “Крокус сити холлдогу” террордук кол салууну дагы бир жолу айыптап, Батыштын чалгындоо кызматтары максаттарына жетүү үчүн террордук топторду кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтты.

Ал Ислам динин боорукердик жана ырайымдуулуктун дини деп атап, чыныгы исламда зомбулукка орун жок экенин, өлкөлөрдө анын ичинде Иранда жана Россияда теракт жасап, бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жаткан такфирчил топтордун аракети Ислам динин билбегендердин иши экенин айтты.

Дүйнө элдеринин көбү Палестина маселесинин адилеттүү чечилишин жакташат

“Борбордук муфтият” мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Анар Рамазанов Ирандын Москвадагы элчиси менен болгон өзүнчө жолугушууда Иран бай маданияты жана цивилизациясы бар байыркы өлкө катары бүгүнкү күндө Россия үчүн бир гана стратегиялык өнөктөш эмес, бир тууган өлкө экенин белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө Палестина маселеси кайрадан эл аралык коомчулуктун күн тартибинде экенин жана дүйнө элинин көпчүлүгү Палестина маселесинин адилеттүү чечилишин жакташарын айтты.

“Палестина маселеси Ислам дүйнөсүнүн эң чоң маселеси жана бул маселе толугу менен чечилмейинче, анын чечилишине жардам берүү үчүн аракетибизди улантабыз. Дүйнө элдери сионисттик режимдин Газадагы бүткүл дүйнө калкынын жүрөгүн ооруткан кылмыштарына күбө болууда. Бүгүн дүйнө калкы газалыктарды мурункуга караганда көбүрөөк түшүнүшү керек жана сионисттик режимдин бул кылмыштарына кайдыгер карабашы керек”, – деди Рамазанов.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жарака талган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет.

12-февралдан баштап Израиль Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына чабуулун баштаган. Палестиналыктардын көбү ал жерде Египет менен чек арага жакын жердеги чатыр лагерлерде жана БУУнун баш калкалоочу жайларында жашашат. Эл аралык гуманитардык уюмдардын маалыматы боюнча, Рафахта 1,3 миллионго жакын адам баш калкалаган.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинын акыркы маалыматы боюнча Израилдин Газадагы аскердик аракеттери башталгандан бери набыт болгон палестиналыктардын саны 32,2 миңден ашып, 74,5 миңден ашуун адам жаракат алды.

25-мартта БУУнун Коопсуздук кеңеши тез арада Газа тилкесиндеги ок атууну токтотууну талап кылган резолюция кабыл алды. Документте ХАМАС радикал тобунун колунда турган израил туткундарын эч кандай шартсыз бошотуу талабы жазылган. Мындан тышкары резолюцияда тараптар Орозо айында ок атышууну токтотуп, Газа тилкесине эч тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылышы керектиги белгиленген.

Комментарий жиберүү