Ставрополдо теракт даярдап жаткан Борбор Азиянын үч жараны кармалды. Видео

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Ставрополь аймагында теракт уюштурууну пландаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин үч жаранын кармады.

Бул тууралуу ведомствонун коомчулук менен байланыш борбору билдиргенин РИА Новости жазды.

“Федералдык коопсуздук кызматы Ставрополь аймагында эл көп чогулган жайлардын биринде жардыруу жолу менен террордук акт жасоону пландаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин үч жаранынын террордук ишмердүүлүгүнө бөгөт койду”, — деп айтылат маалыматта.

Федералдык коопсуздук кызматы жарыялаган видеотасмада кармалгандардын бири колго жасалган бомбаны толтурууга мык сатып алуу үчүн дүкөнгө келгенин көрсөтүлгөн.

https://ria.ru/services/video/embed/1936754926-1936753824.html

Андан соң кылмышкерлерди кармоо жана жардыргыч түзүлүштүн компоненттери алынган кадрлар көрсөтүлөт.

Маалыматта белгилегендей, Ставрополдо шектүүлөрдүн жашаган жеринде тергөө амалдарын жүргүзүүдө колдон жасалган жардыргыч заттын компоненттери, химиялык заттар жана кыйратуучу элементтер табылып, алынган.

Федералдык коопсуздук кызматынын регионалдык башкармалыгынын тергөө бөлүмү «Кылмышка даярдануу жана кылмышка аракет кылуу» жана «Террордук акт» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин “Крокус сити холлдогу” кол салууну жасагандарга тиешеси бар деген шек менен Тажикстандын Душанбе шаарынын жанындагы Вахдат районунан 9 киши кармалганын РИА Новости агенттиги Тажикстандын атайын кызматындагы маалымат булактарына таянып билдирген.

Кармалгандар “ИМ” террордук уюму менен байланышы болгон деп шектелүүдө. Шектүүлөдү кармоо операциясына Душанбеде жайгашкан россиялык күчтөр да катышканы кабарланган.

Эске салсак, 22-мартта Москва облусунда Тажикстандын жарандарынын катышуусунда теракт болгон. Натыйжада 143 адам каза болуп, 380ден ашууну жарадар болгон.

Комментарий жиберүү