Дагестанда теракт жасоону пландаган үч киши кармалды

Дагестандын Махачкала менен Каспийск шаарларында жүргүзүлгөн контртеррордук операциянын жүрүшүндө теракт уюштурууну пландаган үч бандит кармалды.

Бул тууралуу жекшемби күнү Улуттук антитеррордук комитеттин маалымат борбору билдирди.

Кылмышкерлер контртеррористтик операцияучурунда кармалды.

«Коопсуздук органдары тарабынан бир катар террордук багыттагы бир катар кылмыштарды жасоону пландап жүргөн үч бандит кармалды. Кылмышкерлер кармалган жерлерди текшерүү учурунда автоматтык куралдар, аларга ок-дарылар жана колдонууга даяр колго жасалган жардыргыч зат табылды», – деп айтылат маалыматта.

Улуттук антитеррордук комитети операция учурунда жай тургундар жана коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери арасында жабыркагандар болбогонун кошумчалады.

Буга чейин Дагестандын борбор калаасы Махачкала менен Каспийск шаарына контртеррористтик операция режими киргизилгени маалымдалган.

30-мартта Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Ставрополь аймагында эл көп чогулган жайлардын биринде жардыруу жолу менен террордук акт жасоону пландаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин үч жаранын кармаган.  Шектүүлөрдүн жашаган жеринде тергөө амалдарын жүргүзүүдө колдон жасалган жардыргыч заттын компоненттери, химиялык заттар жана кыйратуучу элементтер табылып, алынган.

Эске салсак, 22-мартта Москва облусунда Тажикстандын жарандарынын катышуусунда теракт болгон. Натыйжада 143 адам каза болуп, 380ден ашууну жарадар болгон.

Комментарий жиберүү