Иран менен Түркиянын президенттери телефондон сүйлөштү. Раиси Газадагы зомбулукту токтото турган натыйжалуу чараны атады

Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефондон  сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү ошондой эле Палестина-Израиль жаңжалына  байланышкан маселелерди талкуулашты.

“Eurasia Today” маалымдагандай, Раиси Эрдоганды Рамазан айы менен куттуктап, Ислам Үммөтүнө тынчтык, стабилдүүлүк, коопсуздук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап, эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий карым-катнаштарды мүмкүн болушунча бекемдөө үчүн практикалык кадамдарды жасоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иран президенти эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууларды карап чыгуу жана аларды ишке ашыруу зарылдыгына токтолуп, Иран Ислам Республикасынын энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгилеп, эки тараптын кызматташтыгы эки элдин кызыкчылыгын камсыз кылууда, ошондой эле Ислам Үммөтүнүн биримдигин арттырууда роль ойнойт деген үмүтүн билдирди.

Раиси Израиль БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газада ок атышууну токтотуу боюнча резолюциясын кабыл алганына карабай, анклавда кылмыштарынын уланып жатканын белгиледи.

“Сионисттик режим бул резолюцияны гана эмес, эч кандай мыйзамдарды, макулдашууларды жана эл аралык келишимдерди аткарбайт. 400дөн ашык эл аралык билдирүүлөрдү жана резолюцияларды бузуусу бул режимдин агрессивдүү, мыйзам бузуучу жана адамзатка каршы мүнөзүн көрсөтүп турат”, – деди Раиси.

Ал Газадагы эзилген элди колдоо үчүн Ислам өлкөлөрүнүн олуттуу кызматташуусу зарыл экенин баса белгиледи.

25-мартта БУУнун Коопсуздук кеңеши тез арада Газа тилкесиндеги ок атууну токтотууну талап кылган резолюция кабыл алган. Документте туткундарын эч кандай шартсыз бошотуу талабы жазылган. Мындан тышкары резолюцияда тараптар Орозо айында ок атышууну токтотуп, Газа тилкесине эч тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылышы керектиги белгиленген.

“Бүгүнкү күндө Ислам Үммөтү ислам өлкөлөрүнүн лидерлеринен Палестинада сионисттер тарабынан жасалган геноцид жана кылмыштарды токтотуу үчүн чечкиндүү жана тоскоолдук чараларды көрүүсүн күтүүдө. Ислам өлкөлөрү Газа элине жардам көрсөтүү үчүн Ислам Кызматташтык Уюму жана башка аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуусу зарыл”, – деп баса белгиледи Ибрахим Раиси.

Раиси Газа тилкесиндеги сионисттик режимдин кылмыштарын токтотуучу натыйжалуу чара Израиль менен саясий жана экономикалык мамилелерди толук үзүү экенин айтты.

“Америка бийлиги кылмыштуу сионисттик режимге каржылык жактан да, курал-жарак менен да колдоо көрсөтүүнү улантып жаткан жагдайда Израилдин Газадагы кылмыштарын токтотууга мажбурлай турган эң натыйжалуу бөгөт коючу чаралардын бири – бул режим менен саясий жана экономикалык алакаларды толук үзүү болуп саналат”, – деп белгиледи Иран президенти.

Ал ошондой эле Палестинада ачарчылыктын алдын алуу үчүн Газа тилкесине гуманитардык жардам жөнөтүү жаатында ислам өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жана биримдигинин зарылдыгын баса белгилеп, Ислам республикасынын бул жаатта ар кандай демилгеге даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Эрдоган Ирандын өкмөтүн жана элин Рамазан айы, ошондой эле Межлиске жана Эксперттер кеңешине шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, өлкө бийлиги Раисинин жакында Түркияга жасаган иш сапарынын жүрүшүндө түзүлгөн келишимдерди ишке ашырууга умтуларын баса белгиледи.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 32 490 кишиге жетип, 74 000ден ашууну жарадар болду. 

Комментарий жиберүү