Түркиядагы шайлоо: оппозиция 20 жылдан бери биринчи жолу жеңишке жетти

Түркияда жекшембиде муниципалдык шайлоолор болуп өттү. Анда республиканын жарандары шаар мэрлерин, муниципалитеттердин жана башка жергиликтүү бийлик органдарын башчыларын шайлашты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүүгө 61,4 миллион шайлоочу катышты.

Алдын ала жыйынтыктарга караганда, добуштардын 99,59% саналгандан кийин президент Эрдогандын каршылаштары алдыда келе жатат.

Өлкөдөгү эң ири оппозициялык партия Элдик-республикалык партия 20 жылдан бери биринчи жолу жеңишке жетип, бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынан алдыга озуп чыкты.

Оппозициячыл “Элдик-республикалык” партиясы добуштардын 37,73%ын алса, бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы 35,51% алды.

Оппозициячыл талапкерлер 2019-жылдан бери ээлеп келген мэрлик кызматтарын сактап калуу менен борбор шаар Анкарада да, Түркиянын эң ири шаары Стамбулда да жеңишке жетишти. Анкарада азыркы мэр Мансур Яваш, Стамбулда Экрем Имамоглу алдыга чыкты.

Өлкөнүн башка ири шаарларында Анталия жана Измирде да оппозиция жеңишке жетишүүдө.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жергиликтүү шайлоо демократиялык шартта жана тынч маанайда өткөнүн билдирди. Эрдоган  бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы” максатына жете албаганын мойнуна алды.

“2023-жылдын май айында болгон (жалпы жана президенттик – ред.) шайлоодо жеңгенибизге карабастан, биз муниципалдык шайлоодо күтүлгөн жыйынтыкка жете алган жокпуз. Натыйжалар талданат, биз муну объективдүү жасайбыз”,-деди Эрдоган.

Былтыр президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдоган добуштардын 52,14% алып, президенттикке шайланган.

Комментарий жиберүү