С. Жапаров Р. Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Түркияда өткөн муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы боюнча Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргызстандын мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Түркияда муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Жапаров Түркиянын эли өлкөнүн мындан аркы гүлдөп-өсүү жолунда мамлекеттик багытты колдоорун дагы бир ирет көрсөткөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даяр экенин баса белгилеп, кыргыз тарап Түрк лидерин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келишин күтүп жатканын айтты.

Өлкө башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Садыр Жапаров Эрдоганга жогорку мамлекеттик кызматтагы ишине ийгиликтерди, ал эми түрк элине ачык асман жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, 31-мартта Түркияда муниципиалдык шайлоолор болуп өттү. Өлкөнүн чыгышында таңкы саат 7де жана өлкөнүн башка провинцияларында эртең мененки саат 8де добушканалар ачылган. Муниципалдык шайлоолордо добуш берүүгө 61 миллиондон көп киши катталган.

Бул Түркиядагы соңку он ай ичиндеги үчүнчү шайлоо болуп саналат. Былтыр президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 14-майда, экинчи айлампасы 28-майда өткөн. Режеп Тайып Эрдоган добуштардын 52,14% алып, президенттикке шайланган.

Комментарий жиберүү