“Бейиш – эненин таманында” тасмасы Голливуддан да алдыга чыкты

Кыргыз тасмасы Казакстанда 4 күндүн ичинде 1 млн доллардан ашык каражат топтоду.

Режиссер Руслан Акун тарткан “Бейиш – эненин таманында” кыргыз тасмасы Казакстанда прокатка чыккан төрт күндүн ичинде (21-марттан 24-мартка чейин) $1 млн доллардан ашык акча жыйнаганга жетишти. Кыргыз тасмасы чет элдик фильмдерди артка калтырып, кассалык сатуулар боюнча коңшу өлкөдө биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Казакстандын Ticketon билеттерди сатуу кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Руслан Акундун тасмасы бардык Голливуд жана Казакстан тасмаларынан, анын ичинде “Кунг-фу Панда 4”, “Дюна 2” жана Ghostbusters (Охотники за привидениями) франшизасынан алдыга озуп чыкты.

Белгилей кетсек, “Бейиш энелердин таманынын астында” тасмасы экранга чыккандан бери Кыргызстанда дагы прокаттардын лидери болуп келет. Бирок Кыргызстанда көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын так саны айтыла элек.

Кыргызстан менен Казакстандын биргелешип тарткан дагы бир тасма “Өкүм” (Приговор) 4 күндүн ичинде (21-марттан 24-мартка чейин) 300 миң доллардан ашык акча чогултуп, рейтингде төртүнчү орунду ээледи. Белгилей кетсек, тасма тартуу иштери Ысык-Көлдө өткөн жана тасма өзү Кыргызстанда 2000-жылдардын аягында болгон чыныгы трагедиялуу окуяларга негизделген.

“Бейиш энелердин таман алдында” тасмасы акыл жагынан 8 жашар баланы элестеткен 35 жаштагы Адилдин өмүрүн баяндайт. Ал кичинекей айылда 75 жаштагы апасы менен жашайт. Адилге кичинекей дос баласы апасын Меккеге жөө алып барса, ал бейишке чыгаарын айтып берет. Тасмада дал ушул сюжеттин айланасында болуп өткөн окуялар чагылдырылат.

Режиссер Диас Бертис тарткан триллер жанрындагы кыргыз-казак “Өкүм” тасмасы атайын кызматтын катарында кызмат өтөөнү кыялданган мектеп окуучусу Актандын тагдырын баяндайт. Бирок сот системасынын адилетсиздигинен улам анын келечеги коркунучка кептелет. Мыйзамдуу жол менен эч нерсеге жетише албасын түшүнгөн Актан бала кездеги досу Куба менен колуна курал алып, соттун имаратын басып алышат.

Комментарий жиберүү