Газадагы онкологиялык оорусу бар балдар Түркияга жеткирилет

Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа израилдик кесиптеши менен Газа тилкесиндеги рак менен ооруган балдарды Түркияга дарылоого жеткирүү боюнча макулдашканын Turkiye гезитине билдирди.

Ал Израилдин саламаттыкты сактоо министри менен рак оорулуу балдарды Түркияга коопсуз жеткирүү боюнча макулдашканын билдирди.  Анын айтымында, балдар жакын арада Түркияга алынып келинет. Учурда бейтаптардын так саны белгисиз.

Кожа буга чейин Анкара менен Каир Газадагы миңдеген бейтаптарды жана жарадарларды Газадан Египетке Рафах өткөрмө пункту аркылуу жеткирүүнүн үстүнөн иштеп жатышканын билдирген. Анын айтымында, Египет талаа ооруканалары бар эки түрк кемесине Газадагы жаракат алгандарды дарылоо үчүн портторуна киришине уруксат берген.

Буга чейин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Газа тилкеси балдар үчүн чоң көрүстөнгө айланып баратканын айткан.

7-октябрдан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 10,5 миңден ашып, 26 миңден ашуун адам жаракат алды. Ал эми Израилде жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, 1,4 миңден ашуун адам, анын ичинде 300 аскер кызматчысы курман болуп, 5 миңден ашууну жарадар болгон.

Комментарий жиберүү