БУУ Газадан 1,5 миллиондой адам аргасыз жер которгонун билдирди

  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы Газа тилкесиндеги соңку жагдай тууралуу маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, аймактан 1,5 миллиондой адам жер которгонго аргасыз болду жана алардын теңинен көбү качкындар лагерлеринде, жайларда башкалкалап жатат.

Аталган уюм аргасыз жер которуу какындардын саламаттыгына чоң зыян тийгизип, кесепети оор болорун эскертти.

Ал арада АКШнын президенти Жо Байден Израил менен ХАМАСтын согушун убактылуу токтотуп туруу, “гуманитардык тыныгуу” жарыялоо маселесинде жылыш бар экенин билдирди. Ал бул тууралуу Делавэрде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди, бирок анын чоо-жайына кеңири токтолгон жок.

Учурда бул маселе менен Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен алектенип жатат.

Блинкен ишембиде Амманда Израилге коңшу араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолукту. Ал журналисттерге “гуманитардык тыныгуунун” негизинде жайкын тургундардын өмүрүн сактап, Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүн болмоктугун айтты.

Мунун алдында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесинде ок атышууну токтото туруу сунушун четке каккан.

Жума күнү, 3-ноябрдагы телекайрылуусунда туткундардын баары бошотулмайынча «гуманитардык тыныгуу» болбосун айткан.

Комментарий жиберүү