Түркияда демонстранттар АКШнын авиабазасына кирүүгө аракет кылышты

Түркияда полиция Адана шаарынын жанындагы АКШнын Инжирлик авиабазасына кирүүгө аракет кылган демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Түркиянын NTV телеканалынын маалыматына караганда, Израиль менен АКШнын Газа тилкесиндеги аракеттерине каршы чыккан адамдар авиабазаны жабууну талап кылышкан.

“Палестинага эркиндик кербени» деп аталган акция Түркиянын «Адам укуктары жана эркиндиктери» (İHH) гуманитардык жардам фонду тарабынан уюштурулган.

Телеканалдын маалыматына караганда, нааразылык акциясына чыккандардын айрымдары Аданага Стамбулдан келишкен, аларга башка шаарлардын тургундары да кошулган.

Полиция авиабазанын жанындагы көчөлөрдү жаап салды. Демонстранттар базага талаалар аркылуу кирүүгө аракет кылганда полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, суу бүрктү.

Бул арада башка өлкөлөрдө да Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотууну талап кылган массалык акциялар уланууда. АКШ, Канада, Европа, Жакынкы Чыгышта, Азия менен Африкада палестиналыктарга тилектештик билдирген демонстрацияларга он миндеген киши катышты. Катышуучулар “Палестинага эркиндик” деген ураан чакырып турушту. Вашингтондо ишемби, 4-ноябрда жаңжал башталгандан берки эң ири акция өткөнү кабарланды.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Израиль армиясынын аба соккуларынан набыт болгондордун саны 9 миңден ашты. Алардын 3 миңден көбү балдар экенин буга чейин ЮНИСЕФ белгилеген.

Комментарий жиберүү