Ирандын Жогорку лидери ХАМАСтын лидери менен жолукту

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жекшемби күнү кечинде Тегеранда ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

IRNA агенттиги маалымдагандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Газа тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

«Хания Газадагы акыркы окуялар жана сионисттик режимдин (Израиль — ред.) Газадагы кылмыштары тууралуу маалымат берди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ирандын жогорку лидери Газа элинин сабырдуулугун жогору баалап, кээ бир Батыш өлкөлөрүнүн түздөн-түз колдоосу менен жасалып жаткан сионисттик режимдин кылмыштарын айыптады.

Хаменеи ошондой эле мусулман өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар тарабынан олуттуу чара көрүү, ошондой эле мусулман мамлекеттеринин өкмөттөрү тарабынан Палестина элине толук колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, 7-октябрдан бери Израилдин аткылоосунан Газа тилкесинде каза болгондордун саны 9,7 миңден ашып, 24,8 миңден ашууну жараат алды.

Комментарий жиберүү