Дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөлөрдүн тизмеси жарыяланды

Bloomberg агенттини дүйнө жүзүндөгү эң бай 25 үй-бүлөнүн рейтингин жарыялады.

Ага ылайык, БАЭнин башкаруучу династиясы Аль Нахайян, Walmart дүкөндөр түйүнүнүн негиздөөчүсү Уолтондордун үй-бүлөсү жана Hermes люкс брендинин ээлери Эрмес үй-бүлөсү 2023-жылдагы дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөлөр болуп калышты.

Тизменин сап башында БАЭнин башкаруучу династиясы Аль Нахайяндар турат, алардын байлыгы 305 миллиард доллар деп бааланган. Рейтингде экинчи орунда Уолтондордун үй-бүлөсү турду. Алардын байлыгы 260 миллиард доллар экендиги маалым болду. Бүлө буга чейин төрт жыл катары менен рейтингдин башында турган.

Үчүнчү сапты Hermes мода үйүнүн ээси болгон Эрмес династиясы ээледи. Алардын активдери болжол менен 151 миллиард доллар деп бааланган.

Рейтингде төртүнчү орунду Mars, Milky Way шоколаддарын, M&Ms конфетин өндүргөн Марстын үй-бүлөсү ээлесе, 133 миллиард доллар байлыгы менен Катардагы шейхтердин жана эмирлердин башкаруучу династиясы Аль Тани бешинчи орунга илинди. Үй-бүлө бул тизмеде биринчи жолу пайда болду. Алтынчы орун америкалык Koch Industrues мунай химиялык корпорациясынын ээлери Кох үй-бүлөсүнө буюрду. Жетинчи орунга Сауд Аравиянын башкаруучу династиясы Аль Сауд илинди.

Мындан тышкары, рейтингге Германиянын Aldi арзандатуу дүкөндөр тармагына ээ болгон Альбрехт үй-бүлөсү (41,4 миллиард доллар), Cox Enterprises телекоммуникациялык компаниясынын ээлери Кокс үй-бүлөсү (28,3 миллиард доллар), Индиянын Hapoorji Pallonji Group курулуш компаниясынын негизги ээлери Мистри үй-бүлөсү жана башкалар кирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, 25 үй-бүлө бир жыл ичинде жалпы байлыгын 1,5 триллион долларга көбөйткөн.

Комментарий жиберүү