Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө балдар арасында пневмония көбөйдү

Кытай, Дания, Франция жана Нидерланд балдар арасында Mycoplasma pneumoniae бактериясы чакырган пневмония оорусу көбөйгөнүн билдиришсе, АКШда оорунун күчөшү Огайо штатында катталганын CNN телеканалы билдирди.

“Кытай, Дания, Франция жана Нидерландда балдары арасында Mycoplasma pneumoniae бактериясы чакырган пневмония оорусу көбөйгөнүн кабарлашты. Огайо штатынын бир округунда да ооругандардын саны өскөн”, – деп белгилейт телеканал.

Огайо штатынын саламаттыкты сактоо өкүлдөрү Уоррен округунда балдар арасында пневмония менен ооругандардын саны адаттагыдан көп болуп жатканын жана августтан бери 142 учур катталганын билдиришкен. Телеканалдын маалыматы боюнча, бактерия ар бир “бир же үч жылда” пневмониянын чыгышына себеп болушу мүмкүн.

Буга чейин BFMTV каналы Франциянын Саламаттыкты сактоо боюнча башкы дирекциясы Кытайда пневмониянын жайылып жатканы тууралуу маалыматка байланыштуу өлкөдө микоплазмалык пневмония оорусунун “адаттан тышкаркы күчөшү” тууралуу медициналык мекемелерге кабарлаганын билдирген.

Октябрдын ортосунда Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү өлкөдө респиратордук оорулар көбөйгөнүн билдиришкен. Кытай бийликтери муну COVID-19 чектөөлөрүнүн жоюлушу жана белгилүү патогендердин, анын ичинде сасык тумоонун, микоплазма пневмониясынын (негизинен жаш балдарды жабыркатуучу бактериялык инфекция), респиратордук-синцитиалдык вирустун жана COVID-19дун айлануусу менен байланыштырды. Ноябрдын аягында бир нече маалымат каражаттары Кытайдын түндүгүндөгү балдарда аныкталбаган пневмония тууралуу жазып чыгышкан.

Россиянын Роспотребнадзор мекемесинин басма сөз кызматы буга чейин Кытайда пневмония, көбүнчө балдар арасында, негизинен Пекинде жана Ляонин провинциясында, ошондой эле сасык тумоого чалдыккандар көбөйүп жатканын билдирген.

ДССУ эмне дейт? 

Кытайда микоплазма пневмониясынын чыгышы кыш мезгилинде кадыресе көрүнүш жана бул оору учурда пандемиялык потенциалга ээ эмес, деп билдирди Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) өкүлү Маргарет Харрис Женевадагы брифингде.

“Биз кырдаалга көз салып жатабыз. Микоплазма пневмониясы көбүнчө кышында байкалат, ал антибиотиктер менен дарыланат жана көптөгөн өлкөлөрдө так аныкталат. Биз кырдаалга көз салып, дарылоо жана башка маселелер боюнча кеңештерди берип жатабыз. Учурда биз аларды пандемиялык потенциалга ээ деп эсептебейбиз», – деди ал.

Комментарий жиберүү