WSJ: Израиль ХАМАСтын туннелдерин суу каптатуу үчүн Газага чоң насосторду орнотту

Израиль палестиналык ХАМАС кыймылынын Газа тилкесинин астындагы туннел системаларын деңиз суусу менен каптата турган насосторду орнотту. Бул тууралуу атын атагысы келбеген америкалык аткаминерлерге шилтеме берүү менен Wall Street Journal маалымдады.

“Израиль Газа тилкесинин астындагы ХАМАСтын туннелдеринин эбегейсиз тармагын деңиз суусу менен каптатуу үчүн колдоно ала турган чоң насостордун системасын чогултту”, – деп айтылат макалада.

Wall Street Journal гезитинин жазганына караганда, беш насостон турган система Газа тилкесинин түндүгүндөгү «Аль-Шати» качкындар лагеринин жанында орнотулган. Ал ХАМАСтын туннелдерин Жер Ортолук деңизинин суусу менен бир нече жумада каптатышы мүмкүн. Басылма насостордун иштешинин ылдамдыгы туннелдердеги барымтадагыларды алып чыгууга мүмкүндүк берерин белгилеген.

Бирок израилдик бийлик аны колдонууну беките элек, бирок ошол эле учурда ал пландан баш тартышкан эмес, деген басылмага булактар.

Азырынча палестиналык кыймылдын жер астындагы коммуникация тармагы канчалык кеңири экени, аларда эмнелер бар жана деңиз суусу Газа тилкесиндеги топуракка жана жер астындагы сууларга кандай таасир этээри белгисиз.

Бул план менен тааныш америкалык мурдагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, мындай аракеттердин варианты АКШ менен Израилдин расмий өкүлдөрү талкуулашкан. Эгер план кабыл алынса, Жо Байдендин администрациясы оор абалда калат жана дүйнө коомчулугунун айыптоосуна дуушар болуу коркунучуна туш болот. Ошол эле учурда, бул вариант узундугу дээрлик 500 километрге жете турган туннелдер тармагын тезирээк иштен чыгаруунун натыйжалуу жолдорунун бири катары каралат.

7-октябрдан бери согушуп келе жактан Израиль менен ХАМАС 22-ноябрда Катардын ортомчулугу менен биринчи масштабдуу келишимге жетишкен: тараптар согуштук аракеттерди төрт күнгө токтотууну жана бири-биринде кармалып турган ондогон барымтадагыларды жана туткундарды алмашууну макулдашкан.

Төрт күндүк элдешүү 24-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.00дө (Москва убактысы боюнча 08.00) башталып, андан кийин эки жолу – адегенде эки күнгө, анан дагы бир күнгө узартылган.

Тараптардын гуманитардык элдешүүсү 1-декабрь күнү эртең менен аяктаган жана анын узартылышы расмий түрдө жарыялана элек. Израилдин коргонуу күчтөрү (ЦАХАЛ) ХАМАС кыймылы согуштук тыныгууларды бузууга айыптап, Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерин кайра баштаганын билдирген.

Комментарий жиберүү